• Чт. Сен 29th, 2022

Популярные метки

Лейлектен Чынгыз Ажибаев жеңишке жетеби?

Автор:ruh_admin

Ноя 16, 2021
28-ноябрга белгиленген парламенттик шайлоого карата үгүт иштеринин аяктарына туура 11 күн калды. Демек, жарымынан көбү аркада калды десек болот. Бүгүнкү күнгө чейин депутаттыкка талапкерлигин койгондордун эл менен жолугушуулары уланууда.
Ошентип ар бир талапкер тууралуу эл ичинде пикирлер калыптана баштады. Эл менен күнүнө жолугушуп жүргөн талапкерлер тууралуу “Ушул талапкер идиректүү экен, чындап эл үчүн иштеп берчүдөй түрү бар” деген пикирлер жаралса, жөн гана соцтүйүндөргө отуруп алып, күн алыс пост жазып коюп отурган талапкерлерге таптакыр эле элдин көңүлү бурулган жок.
Мындай маанай “vb.kg” сайтынын сурамжылоолорунан да кашкая көрүнө баштады. Мисалы, аталган сайт бир мандаттуу №1 Лейлек шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңешке аттанган талапкерлердин шайлоочулар арасындагы рейтингин аныктоо максатында сурамжылоо жүргүзгөн.
Бүгүнкү күнгө чейинки жыйынтыкка таянсак, ал сурамжылоого катышкан респонденттердин 68%ы Ажибаев Чынгыз Ильяскожоевичке добуш беришкен. Экинчи орунда 23,89% менен Абдираимова Назгүл Назыровна, үчүнчү орунда 3,31% менен Жороев Исманали Эгембердиевич келатышат.
Лейлек жана Сүлүктү аймагындагы карапайым эл ичиндеги айтылып келаткан пикирлер боюнча да жаш талапкер Чынгыз Ажибаев башка талапкерлерден ат чабым алдыда келатканын байкоого болот. Ушунун өзү эл эски саясатчылардан тажап, жаштыкка, жаңы муунга үмүт артып турганын түшүндүрөт. Жаңылана турган, жаштык жаңы жигер менен өлкөнү өнүктүрө турган учур келген окшойт.
Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс