• Вс. Ноя 27th, 2022

Популярные метки

Бишкекте көмүрдүн тоннасы 3 миң сомдон сатыла баштады

Автор:ruh_admin

Ноя 16, 2021
Бишкектеги Мурманская көчөсү, 1б/1 дарегинде көмүрдүн тоннасы 3 миң сомдон сатыла баштады.

Бул тууралуу “Кабар” агенттигине “Кыргызкөмүр» мамлекеттик ишканасынын басма сөз катчысы Жийде Зоотбекова билдирди.

Анын айтымында, бул капмада көмүр лимит менен сатылууда: бир үй-бүлөгө 2 тонна көмүр.

“Лимит сатуучулар тарабынан алып-сатарлыктын алдын алуу максатында киргизилген. Жакынкы күндөрү лимит алынышы мүмкүн. Учурда Бишкекке 16 машина көмүр келе жатат, алардын ар биринде 25-30 тоннадан көмүр бар”, — деди ал.

Күн мурун президент Садыр Жапаров борбордо көмүрдүн баасы тоннасы 3 миң сомго чейин арзандай тургандыгын  убадалаган.

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс