• Чт. Сен 29th, 2022

Популярные метки

ОШТО МУНИЦИПАЛДЫК ИПОТЕКАГА БАТИРЛЕР БЕРИЛЕ БАШТАМАКЧЫ

Автор:ruh_admin

Ноя 15, 2021

ОШ. Кыргызстандын Түштүк башкалаасындагы 170 батирлүү эки үйдүн курулушу ушул жылдын соңунда бүткөрүлөт.

  • Бул үйлөр калаа тарыхында алгачкы ирет муниципиалдык ипотека

программасынын алкагында курулду.  Ошондуктан, ипотекага төрт пайыздык үстөк менен 12 жылдык мөөнөт менен берилет, — деди Ош шаардык мэриясынын аппарат жетекчиси Камчыбек Досматов.

Камчыбек Досматовдун айтымында, Ош шаардык Кеңеши бекиткен Жобого ылайык батирлерди калыс бөлүштүрүүдө мамлекеттик жана муниципиалдык кызматкерлер, мугалимдер менен дарыгерлерге артыкчылыктар бар.

Ушул тапта Ош шаары боюнча 1700 адам ипотекалык насыя алууга расмий түрдө арыз тапшырышкан.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчыбыз,

Сүрөттөр автордуку.

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс