• Вс. Ноя 27th, 2022

Популярные метки

Ошто көмүр базарлар каттуу текшерилүүдө

Автор:ruh_admin

Ноя 15, 2021

ТУРГУНДАРДЫ ҮЗГҮЛТҮКСҮЗ ЖАНА АРЗАН КӨМҮР МЕНЕН КАМСЫЗ КЫЛУУ КАТУУ КӨЗӨМӨЛДӨНҮП ЖАТАТ

         ОШ. Кыргыз Республикасынын президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу Өкүлү Зиядин Жамалдиновдун жеке тапшырмасына ылайык  Ош облусунда социалдык көмүр базалардын ишмердүүлүгү абдан тыкыр көзөмөлдөнүп жаткан чагы.

Ощентип, Ош облусунун башчысы Зиядин Жамалдинов жарандарга жеткиликтүү баада көмүр сатуучу базаларды жеринде өзү дагы көрүп, Ош облусунун тургундарын үзгүлтүксүз жана арзан көмүр менен камсыз кылууну үзгүлтүксүз көзөмөлдөөдө. Анын жеке тапшырмасы менен Өкүлдүн орун басарлары дагы жер-жерлерди тынымсыз кыдырышып, аймактарда ачылган социалдык көмүр базаларды өтө тыкыр текшерип жатышат.

Белгилей кетчү жагдай: Ош облусунун аймагында калкты арзан көмүр менен камсыз кылуу максатында ушул тапта 30 социалдык көмүр базалары катуу ишке киришти. Аталган базаларда көмүрдүн наркы 3,5 сомдон 5,5 сомго чейин гана сатылууда.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчыбыз.

Сүрөттөр автордуку.

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс