• Вс. Ноя 27th, 2022

Популярные метки

MIX  Көргөзмө — жарманкеси

Автор:ruh_admin

Ноя 15, 2021

 

2021-ЖЫЛ   19-НОЯБРДАН 26-НОЯБРГА ЧЕЙИН.

«Бакыт Ордосу» үй-бүлөлүк баалуулуктарды чыңдоо борбору, Имам Сарахси республикалык борбордук мечити менен биргеликте уюштурат.

                 Араб каллиграфиясы.

  •  Өзгөчө чеберчиликте аткарылган Куран аяттарынын көргөзмө жарманкеси. Сиз бул жерден интарсия (италян: Ойуу, чөктүрүү) усулу менен аткарылган, буга чейин көрө элек кооздука күбө болосуз. Аны менен бирге араб каллиграфиясынын түрлөрүнө, сырдуу сулуулугуна, таасирдүү элесине арбаласыз.

           Бул эмгектерди аткарган чеберлер.

     Белгилүү сүрөтчү Горовой Владимир Романович өзүнүн шакирти Айпери Еришева менен биргеликте 22 интарсия усулу менен аткарылган Куран аяттарынан турган эмгектерин назарыңыздарга сунуштайт. Дагы бир жолу эскертебиз, мындай эмгекти сиз биринчи жолу көргөн болосуз.  Ошондой эле..

    Кыргызстандагы белгилүү каллиграф, Жолборсхан ажынын шакирти, Дүйшөнбек ажы Отонбай уулунан жана ыраматылык Абдулмажид каарыдан хуснуль-хатт (кооздолгон араб жазуусу) боюнча сабак алып, кооз жазуунун бир канча түрүн өздөштүргөн Кожомуратов Таалайбек (Сайфуддин) устаз да өзүнүн Куран аяттарынан турган чоң эмгектерин тартуулайт.

  • Кожомуратов Сайфуддин устаздан араб каллиграфиясы боюнча акысыз мастер класс.
  • Бизде айымдардан да жок эмес бул өнөрдү колго алган. Назарыңыздарга Досболова Мухлиса Мамасабыровна да өзүнүн жазган эмгектерин тартуулайт. Мухлиса айым өлкөдө белгилүү аалым молло Сабыр Досбол уулунун кызы болот.

(Күн сайын эртеден кечке чейин ачык)

 

           Китеп.

 

  • Түрдүү китептердин көргөзмө жарманкеси уюштурулуп, сиздин дүйнө таанымыңызды байытып, билим куржунуңузду кеңейтип, маалыматыңызды арбытат. Сиз бул жерден издеп таба албаган китептерди көрө аласыз. Келип катышууңуздун өзү элибиздин маданиятына кошкон салымыңыз болуп эсептелет.Шаарыбыздагы белгилүү китеп дүкөндөрү катышып жарманкенин көркүн ачат.

(Күн сайын саат 10:00 — 16:00 чейин)

      Насаат.

 

  • Көргөзмө – жарманке белгилүү аалымдардын, атактуу устаздардын катышуусу менен коштолот. Сиз жөн гана жарманкеге катышпастан жан дүйнөңүзгө азык алып, жүрөгүңүзгө жарык нур алып кетесиз.

(Күн сайын саат 13:00 — 13:20 чейин)

 

           Элечек.

 

  • Кыргызстанга эле эмес бүткүл пост советтик аймакта өзүнүн чеберчилиги менен белгилүү, жеке демилгеси менен кыргыз аялынын бейнесин дүйнөгө тааныткан коомдук ишкер, “Оймок Арт” студиясынын жетекчиси Айжан Акылбекованын элечек көргөзмөсү сунушталат. Айжан айым ошол эле учурда аялдар үчүн кызыктуу маек куруп, кыргыз улуттук кийимдеринин орду тууралуу айтып берет.

(Дем алыш күнү, 21 -ноябрь 10:00 — 13:00 чейин)

 

           Тамак-аш.

 

  • Күн сайын адал азыктардан дайындалган тамак-аш жарманкеси да уюштурулуп, сизге жана сиз менен чогуу келген үй-бүлө мүчөлөрү үчүн ар кандай таттуулар сунушталат. Убакыт бөлүп балдарыңыз жана жакындарыңыз үчүн руханий, маданий жана эстетикалык пайдаларды тартуулаңыз.

 

Сиздерди чын жүрөктөн күтөбүз.

 

Эскертүү:

—       Куран аяттарынын каллиграфиясы мечиттин ичине орнотулат. Андыктан өзүңүздүн ыңгайлуулук үчүн жана шарияттын талабы үчүн даарат менен келүүнү сунуштайбыз.

  —     Мечиттин ичинде соодалашууга уруксат жок. Ошондуктан жасалган эмгек кимди кызыктырса же сатып алууну кааласа төмөнкү номерге кайрылыңыздар.  0772-222-172

 

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс