• Вс. Ноя 27th, 2022

Популярные метки

ЛЕЙЛЕКТИН ЭКИ ТУРГУНУ ДАЙЫНСЫЗ. АНДЫКТАН, АКЫЙКАТЧЫ ТАЖИКСТАНДЫК КЕСИПТЕШИНЕ КАЙРЫЛДЫ

Автор:ruh_admin

Ноя 15, 2021

Рубрика: Өз кабарчы маалымдайт

 

         БАТКЕН. Кыргызстандын Акыйкатчысы Тажикстандык кесиптешине аргасыздан кайрылып, андан коңшу мамлекеттеги Кыргыз жарандарынын укугун үзгүлтүксүз коргоону абдан суранды. Бул жөнүндө Акыйкатчы институтунан кабарлашты.

Айтмакчы, үстүбүздөгү жылдын 11-ноябрында Кыргызстандын Акыйкатчысынын аппараты Тажикстандын Акыйкатчысы Умед Бобозодго расмий кат жолдоду. Анда быйыл сентябрда Тажикстандын күч кызматкерлери тарабынан мыйзамсыз кармалышкан Лейлек районунун тургундары Саидахмед Артиковдун жана Нооман Самадовдун укуктарынын одоно түрдө бузулуп жаткандыгы, андыктан, буга карата чукул чара көрүүнү абдан өтүндү.

Саидахмед Артиковдун жубайы Наргиза Артикованын айтымында, күйөөсү жана күйөө баласы — Нооман Самадов үйлөрүнө эмдигиче келише элек. Алардан эч кандай кабар дагы жок. Бирок, экөө тең Хужантта тергөө абагында экендиги, а түгүл кыйноого дагы алынып жаткандыгы жөнүндө гана маалымат угушту.

  • Ушуга байланыштуу Кыргызстандын жарандарынын укуктарынын

бузулушуна таптакыр жол бербөө боюнча чукул чараларды көрүүнү суранабыз? Ошондой эле тергөөнүн жыйынтыгы тууралуу бизге токтоосуз түрдө билдирүүңүздү дагы өтүнөбүз?!? — деп айтылат Кыргыз Республикасынын Акыйкатчы институтунун кайрылуусунда.

Соңку сааттарда Кыргызстандын аталган жарандарына ар тараптуу юридикалык жардам көрсөтүү өтүнүчү менен дагы бир расмий кат Тышкы иштер министрлигине дагы жөнөтүлдү.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчыбыз,

Сүрөттөр автордуку.

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс