• Чт. Сен 29th, 2022

Популярные метки

КЫРГЫЗ-ӨЗБЕК ЧЕК АРАСЫНДА КАЙРАДАН ОК АТЫЛДЫ

Автор:ruh_admin

Ноя 15, 2021

ЖАЛАЛ-АБАД. Ушул жылдын 14-ноябрында аткезчилер менен өз ара чыр-чатак маалында Ала-Бука чек ара отрядынын чек арачылары эскертүү иретинде гана ок атышкан. Бул фактыны Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен тастыкташты.

Ошентип, Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Таза-Суу жерлигинде Ак-Дөбө айылынын элүү чакты тургуну Өзбекстандын аймагына мыйзамсыз мал айдап өтүүгө аракет кылып жатышканда токтотулган. Чек арачылардын мал айдап өтүүнү токтотуу талабына алар таптакыр баш ийишкен эмес. Чыр-чатактын күчөшүнө жол бербөө максатында Кыргыз чек ара кезмети асманга эскертүү иретинде үч жолу ок чыгарган.

Окуя болгон жерге Ала-Бука чек ара отрядынын командири жана Аксы райондук ички иштери бөлүмүнүн кызматкерлери жетип келишип, Ак-Дөбө айылынын жергиликтүү жашоочулары менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүшкөндөн кийин гана топтолгондор кайра тарап кетишти. Ал эми Өзбекстан бул окуя туурасында эмдигиче расмий комментарий бере элек.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчыбыз,

Сүрөттөр автордуку.

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс