• Чт. Сен 29th, 2022

Популярные метки

КАРА-СУУДА “АТА-ЖУРТ КЫРГЫЗСТАН” ПАРТИЯСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШКЕ ТАЛАПКЕРЛЕРИНИН ЖОЛУГУШУУСУНА ШАЙЛООЧУЛАРДЫ АВТОУНААЛАР МЕНЕН ТАШЫШТЫ

Автор:ruh_admin

Ноя 15, 2021

ОШ. “Таза шайлоо” ассоциациясы Борбордук шайлоо комиссиясына атайын Арыз менен кайрылды. Бул бейөкмөт уюм «Ата-Журт Кыргызстан» партиясы тарабынан мыйзамдар өтө одоно түрдө бузулуп жаткандыгына даттанды.

Мисалы, шайлоочулар Жогорку Кеңеш депутаттыгына талапкерлердин жолугушуусуна атайын кичи автобустар менен акысыз ташылып келинген. А түгүл ошол автоунаалардын жамбашында үгүт материалдары дагы жармаштырылган.

Республикалык “Таза шайлоо” ассоциациясы Ички иштер министрлигине, ошондой эле Борбордук шайлоо комиссиясына өзүнчө кат жолдоп, №9-Кара-Суу шайлоо тилкесинин жооптуу кызматкерлерине көрсөтүлгөн фактылардын негизинде мыйзам чегинде катаал чара көрүүнү суранды.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчыбыз,

Сүрөттөр автордуку.

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс