• Чт. Сен 29th, 2022

Популярные метки

ЧЕК АРАЧЫЛАР КУРУЛУШ МАТЕРИАЛДАРЫН АЛЫП БАРАТКАН ЖАРАНДЫН АКЧАСЫН АЛЫП КОЮШКАНБЫ?

Автор:ruh_admin

Ноя 15, 2021

БАТКЕН. Интернет айдыңында “КР УКМКнын Чек ара кызматынын чек арачылары курулуш материалдарын алып кетип жаткан жарандын акчасын алып коюшту” деген маалымат ушул тапта абдан дыкаат текшерилип жаткан чагы.

Кыргыз Республикасынын УКМКсынын Чек ара кызматынын коомчулук жана ЖМК менен байланышуу бөлүмүнүн маалыматына караганда, КР УКМКсынын Чек ара кызматы жарандардан опузалап акча каражатын алгандыгы боюнча КР УКМКнын Чек ара кызматынын Баткен облусу боюнча башкармалыгынын аскер кызматкерлеринин тиешеси бар-жогу боюнча териштирүү иштерин күчтөндүрүлдү. Ушул тапта автоунаада болушкан КАМАЗдын айдоочусу жана куруучуну Баткен облусунун Жаңы-Бак жерлигинде кызмат өтөгөн “Самаркандык” чек ара заставасынын өздүк курамы менен беттештирилет. Эгерде КР УКМКнын Чек ара кызматынын аскер кызматкеринин мыйзамсыз иш аракеттерге тиешеси бар экендиги чындап тастыкталса, териштирүүнүн материалдары КР Аскер прокуратурасына Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын негизинде аскер кызматкеринин жоопкерчилигин кароо үчүн жөнөтүлөт.

КР УКМКнын Чек ара кызматы мамлекеттик чек арада КР УКМКнын Чек ара кызматынын аскер кызматкерлери тарабынан коррупциялык көрүнүштөргө жана башка укук бузууларга дуушар болгон жарандарга 0 (312)-54-43-06 Чек ара кызматынын ишеним телефонуна же pressagpskg@gmail.com электрондук дарегине кайрылууларды, билдирүүлөрдү жана арыздарды калтырса болоорун от дагы бир ирет эскертет. Анткени, мамлекеттик чек аранын баардык тарамдарында, Кыргыз Республикасынын көзөмөл-өткөрүү жайларында жарандарга жардам бере ала турган жана көмөк көрсөтө ала турган тиешелүү компентенттүү органдардын ишеним телефон номерлери бар маалымат тактайчалары дагы орнотулган.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчыбыз,

Сүрөттөр автордуку.

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс