• Чт. Сен 29th, 2022

Популярные метки

БАТКЕНДИН КАПИТАЛДЫК КУРУЛУШ БАШКАРМАЛЫГЫ МАМЛЕКЕТКЕ 12 МИЛЛИОН СОМ ЗЫЯН КЕЛТИРГЕН

Автор:ruh_admin

Ноя 15, 2021

БАТКЕН. Баткен обустук капиталдык курулуш башкармалыгынын өкүлдөрү тендердин шартын одоно түрдө бузушуп, аткарылбаган жана бүтпөгөн курулуш иштерди деле аткарылган деп жеке жактарга ири суммадагы акчаны — 12 миллион сом которгондугу аныкталды.

Башкы прокуратура прокурордук текшерүүнүн жүрүшүндө Баткен обустук капиталдык курулуш башкармалыгынын абройлуу кызмат адамдары тендердин шартын одоно бузушуп, а түгүл алдын ала жең ичинен сүйлөшүп алышып, аткарылбаган жана бүтпөгөн курулуш иштерин аткарылган деп

жеке жактарга ири суммадагы акча каражатын которгону эми гана айкындалды. Мисалы, Баткен шаарындагы курулушу бүтпөгөн Баткен облустук медиа борборунун административдик имараты үчүн 11 414 987 сом, ошондой эле Баткен районунун Чоң-Талаа айылындагы орто мектептин окуу корпусу үчүн 1 065 212 сом негизсиз которулган. Натыйжада мамлекет ушул тапта жөн эле 12 480 199 сом чыгым тартып олтурат.

Ошентип, топтолгон материалдар Жазык кодексинин 320-беренеси (“Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”) менен Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, тергөө жараяны кызуу башталды.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчыбыз,

Сүрөттөр автордуку.

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс