Вторник , 25-Январь 2022

Күндүк архив: 15.11.2021

ЧЕК АРАЧЫЛАР КУРУЛУШ МАТЕРИАЛДАРЫН АЛЫП БАРАТКАН ЖАРАНДЫН АКЧАСЫН АЛЫП КОЮШКАНБЫ?

БАТКЕН. Интернет айдыңында “КР УКМКнын Чек ара кызматынын чек арачылары курулуш материалдарын алып кетип жаткан жарандын акчасын алып коюшту” деген маалымат ушул тапта абдан дыкаат текшерилип жаткан чагы. Кыргыз Республикасынын УКМКсынын Чек ара кызматынын коомчулук жана ЖМК менен байланышуу бөлүмүнүн маалыматына караганда, КР УКМКсынын Чек ара кызматы жарандардан опузалап акча ...

Кененирээк »

КАРА-СУУДА “АТА-ЖУРТ КЫРГЫЗСТАН” ПАРТИЯСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШКЕ ТАЛАПКЕРЛЕРИНИН ЖОЛУГУШУУСУНА ШАЙЛООЧУЛАРДЫ АВТОУНААЛАР МЕНЕН ТАШЫШТЫ

ОШ. “Таза шайлоо” ассоциациясы Борбордук шайлоо комиссиясына атайын Арыз менен кайрылды. Бул бейөкмөт уюм «Ата-Журт Кыргызстан» партиясы тарабынан мыйзамдар өтө одоно түрдө бузулуп жаткандыгына даттанды. Мисалы, шайлоочулар Жогорку Кеңеш депутаттыгына талапкерлердин жолугушуусуна атайын кичи автобустар менен акысыз ташылып келинген. А түгүл ошол автоунаалардын жамбашында үгүт материалдары дагы жармаштырылган. Республикалык “Таза ...

Кененирээк »

БАТКЕНДИН КАПИТАЛДЫК КУРУЛУШ БАШКАРМАЛЫГЫ МАМЛЕКЕТКЕ 12 МИЛЛИОН СОМ ЗЫЯН КЕЛТИРГЕН

БАТКЕН. Баткен обустук капиталдык курулуш башкармалыгынын өкүлдөрү тендердин шартын одоно түрдө бузушуп, аткарылбаган жана бүтпөгөн курулуш иштерди деле аткарылган деп жеке жактарга ири суммадагы акчаны — 12 миллион сом которгондугу аныкталды. Башкы прокуратура прокурордук текшерүүнүн жүрүшүндө Баткен обустук капиталдык курулуш башкармалыгынын абройлуу кызмат адамдары тендердин шартын одоно бузушуп, а түгүл ...

Кененирээк »

КЫРГЫЗ-ӨЗБЕК ЧЕК АРАСЫНДА КАЙРАДАН ОК АТЫЛДЫ

ЖАЛАЛ-АБАД. Ушул жылдын 14-ноябрында аткезчилер менен өз ара чыр-чатак маалында Ала-Бука чек ара отрядынын чек арачылары эскертүү иретинде гана ок атышкан. Бул фактыны Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен тастыкташты. Ошентип, Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Таза-Суу жерлигинде Ак-Дөбө айылынын элүү чакты тургуну Өзбекстандын аймагына мыйзамсыз мал айдап өтүүгө аракет кылып жатышканда токтотулган. ...

Кененирээк »

ОШТО МУНИЦИПАЛДЫК ИПОТЕКАГА БАТИРЛЕР БЕРИЛЕ БАШТАМАКЧЫ

ОШ. Кыргызстандын Түштүк башкалаасындагы 170 батирлүү эки үйдүн курулушу ушул жылдын соңунда бүткөрүлөт. Бул үйлөр калаа тарыхында алгачкы ирет муниципиалдык ипотека программасынын алкагында курулду.  Ошондуктан, ипотекага төрт пайыздык үстөк менен 12 жылдык мөөнөт менен берилет, — деди Ош шаардык мэриясынын аппарат жетекчиси Камчыбек Досматов. Камчыбек Досматовдун айтымында, Ош шаардык Кеңеши ...

Кененирээк »