• Чт. Сен 29th, 2022

Популярные метки

Жалал-Абадда курал-жарак жана сейрек кездешүүчү жаныбарлардын териси табылды

Автор:ruh_admin

Ноя 11, 2021

ЖАЛАЛ-АБАД. Жалал-Абад облусунун аймагынан курал-жарактар жана өтө сейрек кездешүүчү жаныбарлардын терилери табылды.

Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан маалыдашкандай, ИИМдин КМКнын 3-башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери Жалал-Абад облусунан курал-жарактардын арсеналын табышты. Аксы районунун 47 жаштагы жашоочусу ар кайсы түрдөгү ок атуучу куралдарды мыйзамсыз сактап жүргөн экен. Мындан тышкары ИИМдин КМКнын кызматкерлерине азият түспөлүндөгү 40-45 жаштардагы адам өзүнүн үйүндө күжүрмөн ок атуучу куралдарды сактап жүргөндүгү жана уюшкан кылмыштуу топтордун адамдары менен байланышы бар болушу ыктымал делген ыкчам маалыматдагы  келип түшкөн.

Бул маалымат кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды. Көрүлгөн ыкчам чаралардын натыйжасында 2021-жылдын 5-ноябрь күнү Аксы районунун тургуну 1974-жылы туулган Ш.Э. кармалгып, анын жашаган жерине тинтүү жүргүзүү учурунда курал-жарактардын арсеналы табылды. Мындан тышкары шектүүнүн үйүнөн аюу, сүлөөсүн, суусар сыяктуу сейрек кездешүүчү жаныбарлардын терилери дагы табыллы. Белгилей кетүүчу жагдай, бул жаныбарлар Кызыл китепке кирген.

Ошондуктан, саналган фактылардын негизинде ИИМдин Тергөө кызматы тарабынан КР Жазык кодексинин 253-беренесинин 3-бөлүмү (Ок атуучу куралдарды, ок-даарыларды мыйзамсыз жүгүртүү) боюнча сотко чейинки өндүрүш жүргүзүлүүдө. Ушул тапта мыйзамсыз аракеттерди жасоого тиешеси бар башка адамдарды дагы аныктоо жана аларды жоопкерчиликке тартуу боюнча ыкчам-тергөө иш-чаралары башталды.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчыбыз.

Сүрөттөрү автордуку.

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс