• Вс. Ноя 27th, 2022

Популярные метки

Жалал-Абадда адам уурдоого шектелип УКТ мүчөсү кармалды

Автор:ruh_admin

Ноя 11, 2021

ЖАЛАЛ-АБАД. Жалал-Абад облусунун Сузак районунда адам уурдоого күмөндөлүп уюшулган кылмыштуу топтун (УКТнын) мүчөсү кармалды. Бул жөнүндө Жалал-Абад облустук милициясынан билдиришти.

Маалыматка караганда, жаңжалдуу окуя үстүбүздөгү жылдын сентябрь айында болгон. Тактап айтканда, 2021-жылдын 20-сентябрь күнү саат 02:15 чамасында Жалал-Абад ОблИИБсынын нөөмөт бөлүмүнө Сузак районунун 60 жаштагы С.М. аттуу тургуну телефон чалып, анда 2021-жылдын 20-сентябрь күнү саат 02:00 чамасында өзү жашаган үйүнөн, 1983-жылы туулган С.Д. аттуу баласын белгисиз адамдар жашыл түстөгү “Мерседес” үлгүсүндөгү автоунаасына күч колдонуп салып, уурдап кетишкендигин кабарлаган. Бул факты боюнча материал ОИИБдин КЖБРне катталып, КР Жазык кодексинин 170-беренесинин (Киши уурдоо) негизинде сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Жалал-Абад ОблИИБсынын Криминалдык милиция кызматынын уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү бөлүмчөсү тарабынан ыкчам иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүп, натыйжада кылмышка шектүү катары ИИМде уюшулган кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү катары каттоодо турган, мурда бир нече жолу кылмыш жоопкерчилигине тартылган, Жалал-абад облусунун Сузак районунун 1995-жылы туулган М.Б.М. аттуу тургуну кармалып тергөөгө алынган. Аталган өндүрүш ишинин алкагында ЖПКнын  98-беренесинин негизинде 48 саатка кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Жалал-Абад шаардык сотунда шектүүнүн баш коргоо чарасы каралып, тергөө абагында калтырылды. Ошентип, ушул тапта тергөө амалдары тыкыр жүргүзүлүүдө.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчыбыз,

Сүрөтү автордуку.

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс