• Вс. Ноя 27th, 2022

Популярные метки

Урматтуу Кыргызстандыктар, кымбаттуу кыргыз элим!

Автор:ruh_admin

Ноя 11, 2021
Ушул жылдын 1-декабрында биздин партиянын түзүлгөндүгүнө 15 жыл болот. «Бүтүн Кыргызстан» партиясы 15 жылда дайыма мамлекеттин жана карапайым калктын кызыкчылыгын коргогон, мыйзамды сыйлаган жана мыйзам чегинде гана иш жүргүзгөн, маданияттуу, туруктуу, өз принциптеринен кылдай кыйшайбаган чыныгы элдик партия экендигин иш жүзүндө көрсөттү.
Биздин партиянын чыныгы элдик партия экендигине Кемпир-Абаддын башка мамлекетке берилүүсүн токтотуп, жерибизди, суубузду сактап калуу боюнча иш аракеттер дагы бир жолу далил болду.
Бул иш-аракеттердин натыйжасында Өзгөн эли Кемпир-Абаддын жээгине боз уйлөрду тигип, жерлерибизди бербейбиз деп каршы чыгышты! Ошондуктан К. Ташиев 25-апрель күнү Куршаб айылынын стадионунда эл менен жолугуп, “Кемпир-Абад калсын деп жатасынарбы? Чек ара маселеси боюнча өкмөттүк комиссиянын башчысы катары айтамын – Кемпир-Абад калды” – деп айтууга айласыздан мажбур болду!
«Де факто» газетасы 24-сентябрдагы №26 санында Өзбек Республикасындагы кыргыз элчиси Ибрагим Жунусов “Кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын тактоо жумуштары 94% аткарылды, азырынча такталбаган 6% гана чек ара участкалары калды” – деп айткандыгын жарыялады.
Тилекке каршы Кемпир-Абад суу сактагычы аркылуу өткөн кыргыз-өзбек чек арасы өзгөрүүсүз калгандыгы жөнүндө бүгүнкү күндө так маалымат жок.
Чындыгын айтканда бул бийликке эч кандай ишеним калган жок!
Дагы бир белгилеп кетүүчү маселе: Кемпир-Абад суу сактагычынын тосмосунда СССР кезинде эки ГЭС курулган. Ошол ГЭСтердин курулушунда иштеген Абдразак Матмусаев агабыздын сөзү боюнча ГЭСтин экөө тең кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасынын кыргыз тарабында, башкача айтканда биздин аймакта 1976-1977 жылдары курулган. Демек бул эки ГЭС да Кыргызстандын менчиги, кыргыз элинин менчиги. Азыркы мезгилге чейин Өзбек Республикасы иштетип жүргөндүктөн бул маселени көтөрүп, эки ГЭСти алардан өткөрүп алуубуз керек! Албетте бул жеңил маселе эмес, бирок бул эки ГЭСти өзүбүзгө өткөрүп алууга толук укугубуз бар. Себеби:
-Бул эки ГЭСти иштетүүгө керектелген суу бизден барат;
-Ошол сууну сактаган жер биздики;
-Ошол эки ГЭС курулган суу тосмо биздики;
-Ошол ГЭСтин экөө тең биздин аймакта курулган, демек биздики!
-Демек бул эки ГЭС да Кыргызстандын менчиги, кыргыз элинин менчиги!
“Бул бийликке эч кандай ишеним калган жок!” – дегенимдин себеби:
1. Кемпир-абад суу сактагычындагы суу тосмонун бир бөлугу биздин аймакта турганын, ошондуктан ал бөлугу Кыргызстандын менчиги, кыргыз элинин менчиги экендигин билбейби?
2. Кемпир-Абад суу сактагычынын тосмосунда СССР кезинде эки ГЭС курулгандыгын билбейби? Билсе эмне учун ал эки ГЭС биздин аймакта жайгашканбы деп кызыкпайт?
3. Суу тосмонун биздин аймакта жайгашкан бөлугу эмне учун стратегиялык объект катары каралбайт?
4. Кемпир-Абад суу сактагычынын тосмосунда СССР кезинде курулган эки ГЭС жөнундө эмне учун эч кандай сөз айтышпайт?
5. Чек ара маселеси боюнча биздин өкмөттүк комиссия жана анын жетекчиси Камчыбек Ташиев эмне үчүн Кемпир-Абад суу сактагычын өзбек тарапка өткөрүп берүүгө макулдугун берди? Кандай муктаждык аларды мындай кадамга барууга мажбурлады? Эмне үчүн бул жерлерибизди биз өзбек тарапка өткөрүп берүүбүз керек?
6. Кара-Суу районунун эли “Кемпир-Абад суу сактагычынын суу тосмосунун жанынан 50 гектар жерди өзбек тарапка өткөрүп бербейбиз” — деп чыгышса эмне үчүн Чек ара маселеси боюнча өкмөттүк комиссиянын жетекчиси Камчыбек Ташиев “ал жердин 30 гектарын калтыралы, 20 гектар жерин өзбек тарапка өткөрүп берели” – деп элди ынандырууга аракет жасады?
7. Камчыбек Ташиев “өзбек тарапка өткөрүп берели” – деген дал ошол 20 гектар жерде Кыргызстандын менчиги, кыргыз элинин менчиги болуп эсептелген Кемпир-Абад суу тосмонун биздин аймакта жайгашкан бөлугу жана СССР кезинде курулган эки ГЭС бар экендигин билбейби?
Көңүл бурганыныздар үчүн чон рахмат!
Сиздерди урматтоо менен,
Акыл Айтбаев
экономика илимдеринин кандидаты,
«Бүтүн Кыргызстан» партиясынан №54 талапкер.
Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс