• Чт. Сен 29th, 2022

Популярные метки

Пашинян болгусу келгендерге Орусиядан сабак!

Автор:ruh_admin

Ноя 11, 2021

Мындан үч жыл мурда төңкөрүш менен бийликке келген Никол Пашинян Кавказдын чолпон жылдызы эле. Бирок, былтыркы жеңилүүдөн кийин армян эли ары карап ыйлап, бери карап күлүп, быйыл кайра шайлап берди. Кечээ болсо, Карабактын кайра алынышын Азербайжан жана Түркия чоң салтанат менен майрамдады.

Пашиняндын журналисттик кесиби аны башкы редактор, 2012 — жылы депутаттык мандатка чейин көтөрдү. 2018- жылы Сарж Саргисяндын бийлигин кулатып, өлкө тизгинин колго алган күндөн баштап, Батышка ыктап, Орусияга далысын салган саясат жүргүздү. Мындан улам Пашинян Карабак согушунда 1993-жылдагы орусиянын жардамынан кол жууп, өзү мүчө болгон ОДКБдан да колдоо табалбады. Ал эмес азербайжан менен түркиянын аскердик кызматташуусуна көз жумулду. Карабактагы жеңилүү Пашинянга берилген жазаа болду. Орусиянын карамагынан кеткиси келген ар бир кедей өлкө үчүн бул сабак болууга тийиш. Борбор Азия өлкөлөрү 100 жылдан бери Орусиянын союлун жонунда сезип келатат. Үч өлкөнү бириктирген Фергана өрөөнү Карабактан да коркунучтуу аймак. Маселен, Казакстандагы уйгур жана орус диаспоралары, Өзбекстандагы жергиликтүү тажиктер, Кыргызстандагы өзбектер Борбор Азиянын тынчтыгын бузуу үчүн кылымдар мурда пландалган. Жер тилкелерин бөлүп, калктарды отурукташтыруудагы саясат эки жүз жылдан кийин деле Борбор Азия өлкөлөрүн Орусиялык державага күн кор кыла берет. Андыктан, Борбор Азияда ким Пашинян болгусу келсе, Орус агаларына далысын салбай, расмий Москва менен мамилени чыңдап, ошол эле мезгилде өнүгүп жана күчтөнүп келаткан тууган түрк тилдүү элдер менен тыгыз саясат жүргүзүү зарыл. Антпесе, Путин, Назарбаев, Мирзоеёв жана Бердимухаммедов окшогон дөө шаалар кислородду бууп коёт!
Өткөн жумада УКМК төрагасы Түркиядан Байрактар сатып алгандарын жар салды. Мына ушул Байрактар Армян Азербайжан согушунда сыналып, кадыры бийиктеди. Дал ушул Байрактар аркылуу Азербайжан 42 күндө жеңишке жетишти, 1993 — жылы алдырып жиберген Карабак аймагын жана керемет Шуша шаарын өзүнө каратты. Кыргызстан айрым кошуналарын сестентүү үчүн Байрактар сатып алуу демилгесин көтөрүп жатканы менен азырынча Орус агасы жымжырттыгын сактап турат. Көп жымжырттык жакшы эмес эле. Кимдер тилектеш кимдер пикирлеш болоору жакында билинет.
Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс