• Вс. Ноя 27th, 2022

Популярные метки

Ошто кызыл зонада жашаган беш бейтаптын абалы өтө оор

Автор:ruh_admin

Ноя 11, 2021

ОШ. Ушул күнгө карата Ош шаарындагы кызыл зонада коронавирус илдетин жугузушкан 32 бейтап дарыланып жатышат. Бул жөнүндө Ош шаардык клиникалык ооруканасынын башкы дарыгери Кыял Ташполотов билдирди.

Кыял Ташполотовдун айтымында, ушул тапта беш бейтаптын акыбалы абдан оор бойдон калууда. Акыркы сутка ичинде коронавирус илдетин жугузган жаңы учур катталган жок.

  • Бүгүн жаңы учурлар катталган жок. Биздин кызыл зонада

коронавирус илдетин жугузган 32 адам жатат. Анын бешөөнүн абалы дагыле оор бойдон. Ал эми 19 бейтаптын абалы оор болсо, орто оор абалда сегиз бейтап жатат, — деп кошумчалады Кыял Ташполотов.

Кыргыз Республикасында коронавирус илдети катталып, эпидемиологиялык абал курчугандан баштап Ош шаарынын аймагында 7 миң 101 адам аталган вируска чалдыкты.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчыбыз,

Сүрөттөрү автордуку.

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс