• Чт. Сен 29th, 2022

Популярные метки

ОшМУнун ректору кызматынан убактылуу четтетилди

Автор:ruh_admin

Ноя 11, 2021

ОШ. Ош мамлекеттик университетинин (ОшМУнун) ректору Кудайберди Кожобековдун Билим берүү жана илим министри Б. Купешев тарабынан кызматынан жүйөөсүз бошотулушу эмгек жамаатынын жана студенттердин арасында абдан чоң нааразычылыкты гана жаратты. Буга каршылык көрөтүшкөн ОшМУнун стуенттери жана окутуучулары университеттин башкы имаратынан алдына талаптары жазылган плакаттарды көтөрүп чыгышты.

Ошентип, ушундай наарызычылыктан кийин Билим берүү жана илим министрлигинен атайын комиссия түзүлдү. Анын тыкыр иликтөөсүнөн кийин гана өзүнчө чечим кабыл алынмакчы.

Эске салсак, ушул жылдын 9-ноябрында Ош мамлекеттик университетинин ректору Кудайберди Кожобеков окуу жайдын студенттери парламенттик шайлоонун үгүт жараянына катышкандыгы үчүн кызматынан бошотулгандыгы жар салынган. Мындан тышкары ОшМУнун педагогика факультетинин деканы Б. Муратбаев жана ошол эле факультеттин 3 окутуучусу кызматтарынан ажыраган. Билим берүү жана илим министри Б. Купешевге, Ош шаарынын мэри А. Мамбетовго дагы сөгүш жарыяланган.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчыбыз,

Сүрөтү автордуку.

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс