• Вт. Окт 4th, 2022

Популярные метки

Ошту өнүктүрүү программасын эл талкуулайт

Автор:ruh_admin

Ноя 10, 2021

ОШ ШААРЫН ӨНҮКТҮРҮҮ ПРОГРАММАСЫ КООМДУК ТАЛКУУГА КОЮЛДУ

ОШ. Кыргыз Республикасынын Түштүк башкалаасынын мэри Алмаз Мамбетовдун Ош шаарынын 2021-2025-жылдарда өнүктүрүү Програмасы коомдук талкууга коюлду.

  • Ош шаарынын жашоочуларын таза суу менен тегиз жана эч

үзгүлтүксүз камсыз кылуу ушул тапта учурдун эң башкы көйгөйүнө айланып олтурат, — деп тызылдады Ош шаарынын Алмаз Мамбетов. – Муну кечеңдетпестен чукул арада жөнгө салуубуз кажет! Буга улай социалдык-экономикалык, туризм, коммуналдык чарба, курулуш жана санариптештирүү өңүтүндө дагы абдан катуу иштемекчибиз. Аталган Программа кызыл-чеке талкуудан кийин  гана Ош шаардык Кеңешинин сынына дагы бир ирет коюлмакчы.

         Ош шаарынын буга чейинки мэрлери деле далай ирет ооз көптүрүп, бир катар олуттуу Программаларды элге убадалашкан. Биз билгенден алардын бири дагы аягына дегеле чыкккан эмес!

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчыбыз,

Сүрөттөр автордуку.

 

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс