• Вт. Окт 4th, 2022

Популярные метки

Ош облусунда социалдык базарлар иштей баштады

Автор:ruh_admin

Ноя 10, 2021

ОШ. Кыргыз Республикасынын президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу Өкүлү Зиядин Жамалдиновдун атайын тапшырмасына ылайык Араван, Кара-Суу, Ноокат, Өзгөн, Кара-Кулжа, Чоң-Алай райондорундагы отуз жайда социалдык көмүр базарлары абдан ургалдуу иштеп жаткан чагы.

  • Биз көмүр өндүрүп жатышкан ата мекендик ишкерлерибиз менен

ачык сүйлөшүп,  “кара алтындын” наркынын ар бир килосун беш сомдон гана бычканбыз. Бирок, бул бараандуу демилгеме көпчүлүк таптакыр ишенген эмес! – деп агынан жарылды Ош облусунун башчысы Зиядин Жамалдинов. – А түгүл жүзөгө ашпайт деп күмөн дагы санашты. Бирок, булардын тилеги моминтип таш капты. Абалды өзүм жеке  күн сайын көзөмөлдөп турамын. Азырынча Ош облусунда бааны ашырган фактылар каттала элек! Бул баа сезон аяктагыча сөзсүз бекем сакталат.

Аттиң… Мындай жакшы саамалыкты Кыргызстандын бардык аймактарында дагы тегиз кубатташса, ишкерлерибиз миңдеген мекендештерибиздин сообуна  калышпайт беле…

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчыбыз,

Сүрөтү автордуку.

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс