• Вт. Окт 4th, 2022

Популярные метки

Ноокатта бала бакчанын сатылган жери мамлекетке кайтарылды

Автор:ruh_admin

Ноя 10, 2021

ОШ. Ош облусуна караштуу Ноокат райондук прокуратурасы бала бакчанын мыйзамсыз сатылган жерин мамлекетке акыры кайтарды.

Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан маалымдашкандай, 2005-жылы Ноокаттагы Мирмахмудов Айыл Өкмөтүнө караштуу Арал бала бакчасынын 18 сотых жери жеке менчикке мыйзамсыз соодаланып кеткен. Прокурордун атайын текшерүүсүнүн жүрүшүндө, аталган бакчанын жери Аралдыйкан чарбасынын жыйынынын токтомунун негизинде сатылгандыгы акыры ашкереленди.

Ошондуктан, Ноокат райондук прокуратурасы бала бакчанын жерин кайтарып алуу боюнча сотко кайрылып, натыйжада соттун чечими аркасында жалпы наркы 3 миллион сомдук 18 сотых жер тилкеси Мирмахмудов Айыл Өкмөтүнүн балансына кайтарылды. Ошентип, Кыргыз Республикасынын Башкы Прокуратурасы тарабынан акыркы алты жылдан бери мамлекетке жүздөн ашуун бала бакча кайтарылып берилди.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчыбыз,

Сүрөт автордуку.

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс