• Пт. Июл 1st, 2022

Популярные метки

Кыргыз-өзбек мамилелерин өнүктүрүү талкууланды

Автор:ruh_admin

Ноя 10, 2021

ЭКОНОМИКАЛЫК ФОРУМДА КЫРГЫЗ-ӨЗБЕК МАМИЛЕЛЕРИН АР ТАРАПТУУ ӨНҮКТҮРҮҮ МАСЕЛЕСИ КЫЗУУ ТАЛКУУЛАНДЫ

ЕВРОПА. Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров коңшулаш Өзбекстандын Өкмөт башчысы Абдулла Арипов менен «Европа Биримдиги – Борбордук Азия» биринчи экономикалык форумунун алкагында жолугушту.

Кыргыз Өкмөтүнүн башчысы Акылбек Жапаров эки тараптуу жолугушууда баса белгилегендей, Кыргыз Республикасы Кыргыз-Өзбек мамилелерин мындан ары ар тараптуу өнүктүрүүгө, ошондой эле өз ара пайдалуу кызматташтыкты ого бетер терендетүүгө олуттуу маани берет. Мындан тышкары Кыргыз-Өзбек фондунун ишинин башталышы эки өлкө ортосундагы болжол менен 60 долбоорду ырааттуу жүзөгө  ашырууну караган өнөр жай кооперациясы чөйрөсүндөгү кызматташтыкты кеңейтүү жана тереңдетүү боюнча Практикалык чаралардын планында («Жол картасы») чагылдырылган макулдашууларды ишке ашыруунун башталышына олуттуу таасирин тийгизет.

  • Жакын арада Өзбекстан тараптын Кыргыз-Өзбек өнүктүрүү фондун

түзүү боюнча ички мамлекеттик процедураларды жыйынтыкталгандыгы абдан кубанычтуу! – деп кошумчалады Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров.

         Ал эми Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов өз кезегинде өз ара кызыкчылыкты туудурган чөйрөлөрдө эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүүгө, маданий-гуманитардык тармактагы кызматташтыкты активдештирүүгө жана соода-экономикалык кызматташтыкты мындан ары карай өнүктүрүүгө даярдыгын ачык билдирди. Андан соң тараптар Өзбекстан Республикасынан электр энергиясын жеткирүү, Түркмөнстандан Өзбекстан Республикасынын территориясы аркылуу электр энергиясын жана жаратылыш газын транзиттөө, «Кытай – Кыргызстан — Өзбекстан» темир жолун, Эркечтам-Дароот-Коргон-Кызыл-Кыя унаа жолун, Кызыл-Кыя шаарында соода-логистикалык борборду жана Камбар-Ата-1 ГЭСин куруу маселелерин дагы ачык-айкын талкуулашты.

Эки тараптуу жолугушуунун жүрүшүндө ошондой эле айыл чарба жана өнөр жай тармагындагы кызматташтык маселеси дагы абдан катуу каралды. Акылбек Жапаров Өзбекстан тарапка Баткен облусундагы эки жалпы билим берүүчү мектептин курулушуна жана Бабур атындагы Ош академиялык музыкалык-драма театрын реконструкциялоого техникалык көмөк көрсөткөндүгү үчүн терең ыраазычылыгын дагы билдирди.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчыбыз,

Сүрөттөр автордуку.

 

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс