• Чт. Окт 6th, 2022

Популярные метки

ОшМУнун медицина факультетинде заманбап морфология лабораториясы иштей баштады

Автор:ruh_admin

Ноя 9, 2021

ОшМУнун МЕДИЦИНА ФАКУЛЬТЕТИНДЕ ЗАМАНБАП МОРФОЛОГИЯЛЫК КИЧИ ЛАБОРАТОРИЯ ИШКЕ КИРИШТИ

ОШ. Ош мамлекеттик университетинин (ОшМУнун) медицина факультетинин алкагында заманбап морфологиялык кичи лаборатория ишке киришти. Аталган морфологиялык лаборатория окуу — лекциялык 3D анатомиялык комплекси, монокулярдык 20 микроскоп, тринокулярдык 5 микроскоп, 10 даана бинокуляр менен жабдылган.

Кыргызстанда биринчи жолу медицина факультетине эңакыркы үлгүдөгү интерактивдүү Пирогов үстөлү алынып келинди. Аталган шаймандын жардамында нормалдуу анатомияны, органдардын майда бөлүктөрүн, патологияны, УЗИни жана томографияны көрүп окууга жана үйрөнүүгө дагы болот. Лабораторияда студенттер китептен окуп үйрөнгөндөрүн, практика түрүндө көрүп анан гана өздөштүрүшөт. Мындай заманбап шарттар студенттердин жетишерлик деңгээлде сапаттуу билим алуусуна гана бекем өбөлгө жаратмакчы. Баса, интерактивдүү Пирогов үстөлүн жана 3D анатомиялык комплексин лабараторияда гана иштетпестен, интернет аркылуу бир эле учурда 15 жерде аралыктан экранга жана компьютерге туташтырып дагы колдонууга болот.

Буга дейре ОшМУда медицина багытында билим алып жатышкан студенттер үчүн заманбап эми окуу лабораториялык имарат курулуп пайдаланууга тапшырылган. Жаңы имаратта лекциялык залдар, практикалык көндүмдөр борбору, инновациялык окутуу технологиялары борборлору жана лекциялык залдар бар. Окуу имараттарынын курулушу университеттин ички каражатынын эсебинен гана жүргүзүлүүдө.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчыбыз.

Сүрөттөр автордуку.

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс