• Чт. Окт 6th, 2022

Популярные метки

БШК ОшМУнун жетекчилигине катаал чара көрүүнү суранды

Автор:ruh_admin

Ноя 9, 2021

ОШ. Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШКнын) Ыкчам чара көрүү боюнча координациялык тобу Ош мамлекеттик университетинин (ОшМУнун) жетекчилигине мыйзам чегинде катуу чара көрүүнү Министрлер кабинетинен суранды. Анткени, буга Ош шаарында Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкердин жолугушуусуна катышкан студенттердин окуясы себепкер.

Ошентип, маселе Ош шаардык Ички иштер башкармалыгынын маалыматынын негизинде  БШКнын Ыкчам чара көрүү боюнча координациялык тобунун атайын жыйынында каралып, аталган топтун координатору Тынчтык Шайназаров чечимди минтип жар салды.

  • Буга дейре социалдык тармакта Ош шаарынын борбордук аянтында

“Азаттык” партиясынын жолугушуусуна студенттер алып келингендиги туурасында видео тараган. 3-ноябрда жергиликтүү милиция бул окуяны териштирүүнү баштап, чындап эле административдик ресурс колдонулгандыгын билдирди. Жоруктар Кодексинин 87-беренесиндеги “Административдик ресурсту кыянаттык менен пайдалануу” деген пункт менен сотко чейинки өндүрүш дагы ачылды, — деди БШКнын Ыкчам чара көрүү боюнча координациялык тобунун атайын координатору Тынчтык Шайназаров.

Кыргы Республикасынын Жоруктар Кодексинин 87-беренесиндеги “Административдик ресурсту кыянаттык менен пайдалануу” деген пункт менен сотко чейинки өндүрүш ачылды. Анткени,
“Азаттык” партиясынын жолугушуусуна ОшМУнун  студенттери катышкандыгы жана алар кездешүүгө өз ыктыяры менен барбагандыгы ашкереленди. Бул маалыматты текшерүү үчүн аталган  университеттин окутуучулары менен студенттери Ош шаардык милициясына дагы чакырылды. Анда студенттердин көбү 18 жашка толо электиги, паспорт ала алектиги чындап аныкталды. Студенттер дагы көрсөтмө беришип, окутуучулар аларды “Экскурсияга барабыз!” деп алдап чогултуп, жыйынтыгында аталган партиянын жолугушуусуна алып барышкандыгын моюндашты. Ошентип, жалпы жонунан 8 окутуучу менен 15 студент суракка алынды.

Ал эми ОшМУнун басма сөз кызматы атаган ЖОЖдун педагогика, психология жана дене тарбия факультетинин студенттери партиянын үгүт жыйынына катышкандыгын акыры моюндады. Ошондуктан, университетте ички териштирүү жүргүзүлүп, факультеттин деканына эскертүү, дагы эки окутуучуга сөгүш жарыяланды. Анткени менен “Азаттык” партиясынын мүчөлөрү студенттердин жолугушууга келишинде кылмыштын белгилери жок экендигин айтышууда.

Ош шаарында Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин жолугушуусуна Ош шаарынын студенттери катышкандагы сүрөт.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчыбыз.

Сүрөттөр автордуку.

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс