• Вт. Окт 4th, 2022

Популярные метки

Баткен облусунун башчысы Сүлүктүнүн шахтёрлору менен жолугушту

Автор:ruh_admin

Ноя 9, 2021

БАТКЕН. Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу Өкүлү Абдыкарим Алимбаев Сүлүктү шаарында калаанын шахтерлору менен жолугушту.

Жолугушуу маалында Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу Өкүлү Абдыкарим Алимбаевге көмүргө болгон баанын толук кандуу сакталбай жаткандыгы боюнча маселени көтөрүштү. Ошондой эле облус аймагындагы жашоочулар үчүн “кара алтын” баасы арзан болуусу зарылдыгын дагы катуу эскертишти. Ал эми Баткен облусунун башчысы өз сөзүндө биринчи ирээтте  аймак калкын көмүр менен камсыз кылып, андан кийин гана тышка чыгарылышы керек деген талабын кабыргасынан койду. Эгерде бул талап таптакыр аткарылбаса, буга баш ийбегендерге катаал чаралар дагы көрүлөрүн дагы эскертти.

Ошентип,жолугушууда көтөрүлгөн көйгөйлөр боюнча акимдер, ошондой эле Айыл Өкмөт башчылары көзөмөлгө алып иш алып баруусу тапшырылды.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчыбыз.

Сүрөттөр автордуку.

 

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс