• Ср. Ноя 30th, 2022

Популярные метки

Өзгөн шаарынын мэрине сөгүш жарыяланды

Автор:ruh_admin

Ноя 9, 2021

 ОШ. Өзгөн шаарынын мэрине сөгүш жарыяланды. Бул туурасында Президенттин Ош облусундагы Өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматынан маалымдашты.

Анткени, Өзгөн шаарынын мэри Нодирбек Каримов Президент Садыр Жапаров катышкан 2021-жылдын 30-октябрындагы “Өзгөн шаарынын күнү” алкагындагы иш-чараларды уюштурууда “Кыргыз Республикасынын тили жөнүндө” мыйзамдын 7-беренесин орой түрдө бузган. Ошол себептүү ага моминтип сөгүш жарыяланып олтурат.

Президенттин Ош облусундагы Өкүлчүлүгүнөн эгерде Өзгөн калаасынын башчысы аталган мыйзамды мындан ары дагы тоготпостон бузууга жол койсо, анын ээлеген кызмат орду сөзсүз карала тургандыгын  дагы кошумчалашты.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчыбыз,

Сүрөтү автордуку.

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс