• Вт. Окт 4th, 2022

Популярные метки

Өзбекстандын чек ара бекети Баткенге жылган жок

Автор:ruh_admin

Ноя 9, 2021

БАТКЕН. Баткен районунудагы Кыштут айылынын тургундары Өзбекстан чек ара бекетин аталган айылдын четине жылдырып жаткандыгын айтып чыгышты. А түгүл Өзбек чек арачылары экскаватор менен жер дагы казып, өзүнчө чек ара бекетин курууга аракет кылып жатканына каршылыктарын ачык эле билдиришти.

Баткен районунун акими Учкунбек Жоробаеев элдин чогулгандыгын ырастап, бирок Өзбекстандын чек ара бекети  курулбай калгандыгын мындайча кошумчалады.

  • Баткен районундагы Кыштут Айыл Өкмөтүнө караштуу Таян

айылынын четиндеги такталган чек ара тилкесине Өзбекстандын чек ара бекети курулмак болгон экен. Коңшулар менен Кыштут Айыл Өкмөтүнүн башчысы, Кыргызстандын №2022-чек ара аскер бөлүгүнүн жетекчиси жана “Кадастр” ишканасынын Баткендеги филиалынын башчысы чогуу барышып, өз ара сүйлөшүүлөрдү жүргүзүштү. Жыйынтыгында Өзбек чек ара бекети бери жылбай, өз ордунда эле калды, — деп агынан жарылды Баткен районунун акими Учкунбек Жоробаев.

Учкунбек Жоробаев кошумчалагандай, аталган чек ара бекети курулмак болгон жер такталган тилке жана Өзбекстанга гана карайт. Өзбекстан менен 2017-жылкы макулдашуунун негизинде чек ара сызыгынын 1170 чакырымы (85 пайызы), андан кийин дагы 10 пайызы жакыны такталгандыгын Кыргыз Өкмөтү быйыл араң ачыктаган.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчыбыз.

Сүрөттөр автордуку.

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс