Вторник , 25-Январь 2022

Күндүк архив: 09.11.2021

Баткен облусунун башчысы Сүлүктүнүн шахтёрлору менен жолугушту

БАТКЕН. Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу Өкүлү Абдыкарим Алимбаев Сүлүктү шаарында калаанын шахтерлору менен жолугушту. Жолугушуу маалында Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу Өкүлү Абдыкарим Алимбаевге көмүргө болгон баанын толук кандуу сакталбай жаткандыгы боюнча маселени көтөрүштү. Ошондой эле облус аймагындагы жашоочулар үчүн “кара алтын” баасы арзан болуусу зарылдыгын дагы катуу эскертишти. ...

Кененирээк »

БШК ОшМУнун жетекчилигине катаал чара көрүүнү суранды

ОШ. Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШКнын) Ыкчам чара көрүү боюнча координациялык тобу Ош мамлекеттик университетинин (ОшМУнун) жетекчилигине мыйзам чегинде катуу чара көрүүнү Министрлер кабинетинен суранды. Анткени, буга Ош шаарында Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкердин жолугушуусуна катышкан студенттердин окуясы себепкер. Ошентип, маселе Ош шаардык Ички иштер башкармалыгынын маалыматынын негизинде  БШКнын Ыкчам чара көрүү ...

Кененирээк »

Өзбекстандын чек ара бекети Баткенге жылган жок

БАТКЕН. Баткен районунудагы Кыштут айылынын тургундары Өзбекстан чек ара бекетин аталган айылдын четине жылдырып жаткандыгын айтып чыгышты. А түгүл Өзбек чек арачылары экскаватор менен жер дагы казып, өзүнчө чек ара бекетин курууга аракет кылып жатканына каршылыктарын ачык эле билдиришти. Баткен районунун акими Учкунбек Жоробаеев элдин чогулгандыгын ырастап, бирок Өзбекстандын чек ...

Кененирээк »

ОшМУнун медицина факультетинде заманбап морфология лабораториясы иштей баштады

ОшМУнун МЕДИЦИНА ФАКУЛЬТЕТИНДЕ ЗАМАНБАП МОРФОЛОГИЯЛЫК КИЧИ ЛАБОРАТОРИЯ ИШКЕ КИРИШТИ ОШ. Ош мамлекеттик университетинин (ОшМУнун) медицина факультетинин алкагында заманбап морфологиялык кичи лаборатория ишке киришти. Аталган морфологиялык лаборатория окуу — лекциялык 3D анатомиялык комплекси, монокулярдык 20 микроскоп, тринокулярдык 5 микроскоп, 10 даана бинокуляр менен жабдылган. Кыргызстанда биринчи жолу медицина факультетине эңакыркы үлгүдөгү ...

Кененирээк »

Өзгөн шаарынын мэрине сөгүш жарыяланды

 ОШ. Өзгөн шаарынын мэрине сөгүш жарыяланды. Бул туурасында Президенттин Ош облусундагы Өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматынан маалымдашты. Анткени, Өзгөн шаарынын мэри Нодирбек Каримов Президент Садыр Жапаров катышкан 2021-жылдын 30-октябрындагы “Өзгөн шаарынын күнү” алкагындагы иш-чараларды уюштурууда “Кыргыз Республикасынын тили жөнүндө” мыйзамдын 7-беренесин орой түрдө бузган. Ошол себептүү ага моминтип сөгүш жарыяланып олтурат. ...

Кененирээк »