• Чт. Сен 29th, 2022

Популярные метки

USAID Кыргызстанда COVID-19га каршы күрөшүү үчүн 2,8 млн. доллар берди

Автор:ruh_admin

Ноя 8, 2021

USAID КЫРГЫЗСТАНДА COVID-19 ИЛДЕТИНЕ КАРШЫ ЭМДӨӨ КАМПАНИЯСЫН КОЛДОО МАКСАТЫНДА ДАГЫ 2,8 МИЛЛИОН АКШ ДОЛЛАРЫН АЖЫРАТТЫ

 

БИШКЕК. АКШнын эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттиги (USAID) Кыргыз Республикасын COVID-19 пандемиясына каршы күрөштө колдоо жана өлкөнүн саламаттык сактоо системасын мындан ары чыңдоо максатында кошумча дагы 2,8 миллион доллар бөлөөрүн ачыктады. Жаңы каржылоо эмдөө аракеттерин колдоого, медициналык кызматкерлерди окутууга жана саламаттыкты сактоонун маалымат тутумдарын ого бетер жакшыртууга жардамдашмакчы.

  • Коопсуз жана натыйжалуу вакциналар — COVID-19 илдетине каршы

эң мыкты курал. Өмүрдү сактап калуу, Кыргыз экономикасын калыбына келтирүү жана өлкөдө вирустун жаңы варианттарынын пайда болуу коркунучун токтотуу үчүн биз мүмкүн болушунча көп адамдарды чукул арада эмдөөгө тийишпиз! — деди USAIDдин Кыргызстандагы Өкүлчүлүгүнүн башчысынын милдетин аткаруучу Кит Симмонс.

COVID-19га каршы эмдөө кампаниясы — USAIDдин бул жааттагы көрсөткөн колдоосунун эң негизги компоненти. Муну үчүн USAID Кыргызстандын Республикалык иммунопрофилактика борбору, Республикалык ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникация борбору жана ЮНИСЕФ менен биргеликте өлкө боюнча вакциналарды жайылтуу жана эмдөөлөрдүн деңгээлин жогорулатуу боюнча түшүндүрүү жараянын дагы кошо алып барат.

Бат университетинин вакциналар боюнча кыргызстандык эксперти Асел Сартбаева коронавируска каршы эмдөөнүн абдан маанилүүлүгүнө мындайча токтолду: — Бүгүнкү күндө вакциналар миллиондогон адамдардын өмүрүн сактап калат. Муну дарылоого караганда инфекцияны алдын алуу алда канча жеңил жана арзан! Азыркы вакциналар өндүрүлүп жатканда натыйжалуулугу жана коопсуздугу боюнча катуу сыноодоон өтөт. Клиникалык сыноолордун бардык маалыматтары ачык, ошондой эле жеткиликтүү. Ошондуктан, ар бир адам аны көрүп, түшүнө алат. Мен Кыргызстанда жашагандардын баарын ушул тапта эмдөөгө гана чакырат элем. Бул Сизди, үй-бүлөңүздү, туугандарыңызды жана айрыкча элдин аярлуу катмарын коронавирустан сөзсүз коргойт!

         Ошентип, бул жаңы каржылоонун алкагында вакциналарды ташуу, сактоо жана башкаруу, ошондой эле эмдөөдөн кийин медициналык таштандыларды туура жок кылуу, вакцина боюнча кеңеш берүү сыяктуу иш-чаралар дагы колдоого алынат. Булардын баары эмдөө кампаниясынын ийгиликтүү болушуна өтө маанилүү. Мындан тышкары дарыгерлер эмдөөдөн кийинки сейрек кездешүүчү кыйынчылыктарды аныктоо жана дарылоо боюнча атайын окуудан өтүшөт. USAID каржылоону Abt Associates жана Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму (ДСУ) аркылуу камсыздайт.

        COVID-19 пандемиясы башталгандан бери Америка Кошмо Штаттары Кыргыз Республикасына 8 миллион АКШ долларынан ашык каражат ажыратты. Мынча акча жеке коргонуу шаймандарын сатып алуу, лабораторияларды жаңыртуу, саламаттыкты сактоо маалымат системасын жакшыртуу, медициналык адистерди окутуу, жана кыргызстандыктарды COVID-19 тууралуу маалымат берүүгө багытталган. Октябрда АКШ Кыргызстанга COVAX механизми аркылуу 250 миң дозадан ашык Pfizer вакциналарын тартуулады.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчыбыз

Сүрөттөр автордуку.

 

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс