• Чт. Сен 29th, 2022

Популярные метки

УКМК журналисттерге талаа брифингин өткөрүштү (фото)

Автор:ruh_admin

Ноя 8, 2021

БИШКЕК. Кыргыз ресуплбликасынын Улуттук мамлекеттик коопсуздук комитети жана Чек ара кызматы Улуттук  Басма сөз күнүнө карата ЖМКлардын өкүлдөрү үчүн талаа брифингин өткөрүштү. Аталган иш-чаранын алкагында аскерлештирилген эстафета, мунун ичинде ат чабыш,  УАЗ-31-51 «HUNTER» автоунаасын айдоо, ар кандай тоскоолдуктарды багындыруу жана куралдын үч түрүнөн атуу уюштурулду.

         Аталган иш-чаралардын бардыгы тең чыныгы курдаалга окшоштурулуп, УКИКнын жана Мамлекеттик Чек ара кызматынын чыныгы кызматын толук кандуу чагылдырды. Ошентип, аталган марамдык иш-чаранын катышуучулары тапшырманы ийгиликтүү аткарышып, а түгүл аттарды жана автоунааларды бишка билүүгө жөндөмдүү экендиктерин дагы агинелешти.

Соңунда командалар баалуу кубкалар менен сыйланышты. Мындан тышкары Улуттук  Басма сөз күнүнө карата бир катар ЖМКлардын өкүлдөрү меделдар, Ардак Грамоталар жана акчалай сыйлыктар менен сыйланышты.  Баса, мындай тариздеги иш-чара биринчи ирет  уюштурулуп, коммуникация доорунда масс медиа өкүлдөрүн Улуттук жана Чек ара коопсуздугу тармагында биргелешип иштешүүгө үндөө сыңары өткөрүлдү.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчыбыз

Сүрөттөр автордуку.

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс