• Чт. Сен 29th, 2022

Популярные метки

Ош шаарынын Кең-Сай конушу жакшыртылат

Автор:ruh_admin

Ноя 8, 2021

ОШ. Кыргызстандын Түштүк башкалаасынын мэри Алмаз Мамбетов Ош шаарынын 3,5 миңден ашуун тургунуна турак-жай куруу үчүн жер бөлөштөрөлгөн айтылуу Кең-Сай массивинин автоунаа жолун асфальттоо, инфра түзүмүн жакшыртууга көрүлүп жаткан чаралар менен таанышууга, айрым маселелерди адистер менен жеринен кеңешүү үчүн аталган жаңы конушка барш бакты.

Ошентип, жаңы конушка баруучу негизги жолдун 2,8 чакырымы жакын арада республикалык бюджеттин эсебинен асфальтталат. Ушул тапта электр мамычалары орнотулуп, чубалгыларын тартуу иштери жүрөт.

— Адистер ички жолдорун салуу, электр менен камсыздоо, сугат суу

алып келүү, социалдык мекемелерди куруу сыяктуу эң ириде аткарылчу жумуштар, аларды чечүүнүн жолдору жөнүндө калаа башчысына сунуш-пикирлерин билдирди, — деди кабарчыбызга Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов. – Санактьалган жумуштарды мүмкүн болушунча тездетүүнү тапшырдым. Ал эми мэрия тарабынан жасалчу каражат табуу, инвесторлор менен сүйлөшүү, керектүү документтерди кабыл алууну тездетүү маселелерине мен өзүм туруктуу көзөмөл жасамакчымын.

Белгилей кетээрибиз: Ош шаарындагы Кең-Сай массиви үйү жок жарандарга турак-жай куруу үчүн бөлүнүп берилген эле. Каражаттын тартыштыгынан көп жылдардан бери инфраструктурасы таптакыр жакшырбай келе жатат.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчыбыз

Сүрөт автордуку.

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс