• Чт. Сен 29th, 2022

Популярные метки

АКШ элчилиги декабрда Кыргызстандын жарандарына виза берүүнү улантат

Автор:ruh_admin

Ноя 8, 2021

БИШКЕК. Кыргызстандагы АКШ Элчилигинин Консулдук бөлүмү 2021-жылдын 1-декабрынан баштап визалардын бардык түрүнө байланыштуу визалык интервьюларга кезекке турууну ачат. Виза алууга кайрылгандардын жана кызматкерлердин ден соолугун, ошондой эле коопсуздугун толук кандуу камсыз кылуу үчүн, кабыл алууну чектөө, социалдык аралыкты бекем сактоо жана беткап тагынуу протоколдору элчиликке келген бардык коноктор үчүн күчүндө болот.

— Кыргыз Республикасы менен Америка Кошмо Штаттарынын

ортосундагы мамилелердин өзөгүн биздин элдердин ортосундагы байланыштар түзөт. Туризм жана бизнес үчүн, мунун ичинде катардагы виза кызматтарын сунуштай алганыбызга абдан кубанычтабыз. Бул кызматтардын кайра жанданышы биздин жакын достугубуздун өөрчүшүн колдоого жардам берет жана биз декабрда өнөктөштүктүн 30 жылдыгын белгилей турган ыңгайлуу учурга туура келет, — деп баса белгиледи АКШнын Кыргыз

Республикасындагы Элчилигинин Убактылуу ишенимдүү өкүлү Соната Коултер. — Баса, визага кызыккан талапкерлер биздин веб-баракчадагы арыз талаптарын жана башка маалыматты карап чыгып, интервьюга бул жерден кезекке турса болот. Көңүл буруңуздар, дүйшөмбү күнү, 8-ноябрдан тартып АКШга кирүү үчүн саякатка коюлган талаптар өзгөрөт. Чет элдик саякатчылардан FDA тарабынан тастыкталган же уруксат берилген вакцина, же Дүйнөлүк Саламаттыкты сактоо Уюмунун өзгөчө кырдаалдарда колдонуу тизмесине киргизген вакцина менен COVIDге каршы эмдөөнүн далилин көрсөтүү талап кылынат. Учурдагы талаптар боюнча акыркы маалыматты CDCнин COVID-19 веб сайтынан дагы тапса болот.

Ошентип, АКШ элчилиги 2020-жылдын март айында Мамлекеттик департаменттин COVID-19 башталгандагы көрсөтмөлөрүнөн улам катардагы визалык интервьюларды токтоткон эле. Мамлекеттик департаменттин учурдагы көрсөтмөлөрү АКШ элчилигине COVID-19га каршы катуу коопсуздук чараларын сактоо менен визалык интервьюларды улантууга мүмкүндүк берет.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчыбыз.

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс