• Чт. 26 мая, 2022

Популярные метки

Өзгөндүн Көлдүк айылында мектептин курулушу бүтпөй, окуучулар дагы эле онлайн окушууда

Автор:ruh_admin

Ноя 8, 2021

ОШ. Ош облусуна караштуу Өзгөн районундагы Көлдүк Айыл Өкмөтүндө жайгашкан Рыспай Коңкошов атындагы №12-орто мектептин курулушу аяктабай калгандыктан, окуучулар дагыле онлайн таризинде окуп жатышат. Муну аталган райондогу Көлдүк Айыл Өкмөтүнүн башчысы Райымберди Курманкулов дагы ырастады.

Райымберди Курманкуловдун айтымында, буга дейре пайдаланылган эски мектеп — Өзгөн районундагы эң алгачкы курулган агартуу мекемелеринин  бири. Ал ӨКМ тарабынан авариялык абалда деп табылып, бузулган. Кийин ордуна жаңы 375 орундуу мектептин курулушу 2019-жылы күз айында башталган.

  • Рыспай Коңкошов атындагы №12-мектептин окуучулары онлайн

түрүндө окуп жатышкандыгы чындык. Себеби буга чейинки окуп жаткан мектеп авариялык абалда деп табылып, бузулган. Анткени, районубуздагы эң эски мектептердин бири эле. 2019-жылы планга кирип, ошол жылы ноябрь айында курулушу башталды. 375 орундуу мектеп курулуп жатат. Бүгүнкү күндө мектеп бүтүп, анын ашканасы, спорт залы жана жыйын залынын оңдоо иштери гана жүрүп жатат. Парталар жана отургучтарды алып келип баштадык. 10-ноябрга дейре сөзсүз бүтөбүз. Сентябрь айына бүтүрүүгө аябай аракет кылдык, бир аз кечигип калдык. 2020-жылы ансыз дагы онлайнда окудук. Ушул жылы биринчи чейректе окуучулар дагы онлайн түрүндө окушат. А кийинки чейректен баштап гана жаңы мектепке келип, окууларын кадимкидей улантышат, — деп катуу убада кылды Өзгөн районундагы Көлдүк Айыл Өкмөтүнүн башчысы Райымберди Курманкулов.

Өзгөн районундагы Рыспай Коңкошов атындагы №12-орто мектептин жаңы имаратынын жалпы сметалык наркы 66 миллион сом. Бул мектепте бүгүнкү күндө 370 окуучу билим алышат. Көлдүк Айыл Өкмөтүндө бул мектептен башка дагы эки орто мектеп бар.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчыбыз

Сүрөттөр автордуку.

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс