• Чт. Сен 29th, 2022

Популярные метки

ОШ ШААРЫНЫН ШАЙЛОО ТИЛКЕЛЕРИ ПАРЛАМЕНТТИК ШАЙЛООНУ ӨТКӨРҮҮГӨ ДАПДАЯР

Автор:ruh_admin

Ноя 4, 2021

ОШ. Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов Ош шаарындагы шайлоо тилкелеринин келе жаткан парламенттик шайлоого даярдыгын бир сыйра кыдырып, дыкаат текшерди.

Ошентип, Кыргызстандын Түштүк башкалаасынын мэри Алмаз Мамбетов бул жолу шаардагы ар бир аймактык башкармалыктын бирден шайлоо тилкеси көрдү. Булардын ичинде №5278-, №5900-, №5274-, №5555-, №5310-, №5324-, №5321- чөлкөмдүк шайлоо тилкелерине баш баакканда, интернет байланышынын жана жылуулуктун такай болушуна, алтернативдик энергия булактары менен камсыздалышына өзгөчө маани берилип, тапшырмалар дагы коюлду. Мэр андан ары участкалык шайлоо тилкелеринде даярдык жакшы экендигин өзгөчө белгилеп, керектүү жабдуулар менен камсыздоо өз убагында гана жүрөөрүн убадалады. Шайлоо өткөрүү боюнча штабдын мүчөлөрүнө айрым жетишпегендиктерди жоюу боюнча тапшырмаларды дагы берди.

— Биз шайлоодо эч бир кемчиликтерди кетирбешибиз керек.

Административдик ресурсту колдонуу боюнча сөз дагы болушу мүмкүн эмес! Бүгүнкү күндө алдын алуучу чаралар катары аймактык башкармалыктын айрым жетекчилери ротацияланды, жетекчилерге, квартал, үй башчыларына түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Эгерде кайсы бир кызмат адамдары мыйзамдан чыгып шайлоого аралашса, мыйзам чегинде катаал чаралар көрүлөт! — деп убадалады Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов.

Ош шаарындагы шайлоо тилкелерининин басымдуу көпчүлүгү билим берүү мекемелеринин ичинде жайланышкан. Даярдык иштери мындан ары дагы үзгүлтүксүз көзөмөлдөнүп турмакчы.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчыбыз.

Сүрөтү автордуку.

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс