• Чт. Сен 29th, 2022

Популярные метки

ЧАТКАЛДА БИР ЛИТР БЕНЗИНДИН БААСЫ 75 СОМДУ ЧАПЧЫДЫ

Автор:ruh_admin

Ноя 4, 2021

ЖАЛАЛ-АБАД. Жалал-Абад облусунун Чаткал районунда бир литр бензин 75-77 сомдон сатылууда. Бул жөнүндө Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин депутаты Жоодар Атантай уулу кабарлады. Айылдык активист бензиндин кымбатташы башка тамак-аш өнүмдөрүнө дагы терс таасирин тийгизип, райондо кымбатчылык өкүм сүрүп жаткандыгын кошумчалады.

  • Бензиндин баасы бизде ашкере көтөрүлдү. Ушул тапта бир литри

75-77 сомдон сатылып жатат. Ал эми коңшулаш Ала-Бука районунда 58 сомдон эле соодаланууда. Мыйзамга ылайык бул мыйзамсыз жорукту Монополияга каршы агенттиги көзөмөлгө алып, тескеши керек эле. Бул кымбатчылык бардык нерсеге терс таасир этип, карапайым калкка кыйынчылык гана туулуп жаткан чагы.  Эң өкүнүчтүүсү: Чаткалдан Бишкекке каттам 1200 сомдон эки миң сомго жогорулады, — деп аябай тызылдады Чаткал районуна караштуу Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин депутаты Жоодар Атантай уулу.

Монополияга каршы агенттигинин Жалал-Абад обулусундагы Өкүлү Фархад Чегебаевдин айтымында, Чаткалда бензиндин баасы капысынан көтөрүлгөндүгүнө байланыштуу түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Чаткал районунда 4 Айыл Өкмөтү, 12 айыл бар. Ушул тапта район боюнча жети май куючу жайдын үчөө гана иштеп жаткан чагы. Ишкерлер Чаткалга бензин жеткирүү пайдасыз экендигин ачыкташты. Анткени, бул аймак күйүүчү май ташуу үчүн коротулган чыгымдарды таптакыр жаппайт экен.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчыбыз.

Сүрөтү автордуку.

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс