• Чт. Сен 29th, 2022

Популярные метки

БАТКЕНДИН АРКА-2 АЙЫЛЫНДА МИЛИЦИЯНЫН АЙМАКТЫК БЕКЕТИ ИШКЕ КИРИШТИ

Автор:ruh_admin

Ноя 4, 2021

БАТКЕН. Лейлек районунун Жаңы-Жер Айыл Өкмөтүнө караштуу Арка-2 айылында милициянын аймактык бекети ачылды. Милициянын аймактык бекетинин ачылыш аземине президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу Өкүлү Абдыкарим Алимбаев, Баткен ОИИБнын начальниги Муратбек Боронов, жергиликтүү айыл башчылар, ошондой эле айылдын тургундары катышышты.

Адегенде Баткен облусунун жетекчиси Абдыкарим Алимбаев жыйналган элге милициянын азыр учурдагы аткарган иштерине жакшы баасын берип, эл менен милициянын ортосундагы ынтымакты мындан ары бекемдөө максатында толук кандуу ишеним керектигин, ошондой эле түйшүктүү жумушта коомдун коопсуздугун сактоо абдан маанилүү экендигин айтты.

— Коопсуздукту сактаган милициянын уполномоченныйы бул бекетте

күнү-түнү болот. Анткени, жарандардын арызын, кайрылууларын, даттанууларын кунт коюп угуу — бул биздин түздөн-түз милдетибиз. Кайсы гана учурда кайрылбаңыздар, милиция кызматкерлери ушул жерден жолуктурасыздар, — деп ишендирди Баткен облустук милициясынын начальниги Муратбек Боронов.

Жаңы-Жер Айыл Өкмөтүнө караштуу Арка-2 айылындагы милициянын аймактык бекети заманбап типте курулуп, бир тарабында милициянын уполномоченныйынын иш бөлмөсү, жарандарды кабыл

алуу бөлмөсү болсо, ал эми экинчи тарабында үй-бүлөсү менен жашаганга толук шарты менен курулган. Мында жарандарды кабыл алуу, коомдук коопсуздукту камсыздоо жана жарандардын укуктарын коргоо боюнча заманбап жардамдарды көрсөтүү үчүн имаратта дээрдик бардык шарттар жарытылган. Бул бекетте милиция кызматкерлери күнүгө иштеп, өздөрүнө ыйгарылып берилген кызматтарын гана аткарышат.

Алишер Токсонбаев,

өз кабарчыбыз.

Сүрөтү автордуку.

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс