• Чт. 26 мая, 2022

Популярные метки

БАТКЕНДИН АК-САЙ АЙЫЛЫНА ЖАКЫН ЖЕРДЕГИ ТАЖИК ЖАРАНДАРЫНЫН КУРУЛУШУ ТОКТОТУЛДУ

Автор:ruh_admin

Ноя 4, 2021

БАТКЕН. Баткен облусуна караштуу Баткен районунун Ак-Сай Айыл Өкмөтү менен чектешкен Майский тилкесиндеги Тажик жарандары тарабынан көпүрө үчүн пайдубал түптөө боюнча курулуш иштери акыры токтотулду. Бул жөнүндө президенттин Баткен облусундагы Өкүлүнүн басма сөз катчысы Кундуз Жоробекова шардана кылды.

Баткен облустук акимчилигинен маалымдашкандай, буга дейре ушул жылдын 30-октябрында Баткендеги аталган аймакка Тажик жарандары тарабынан көпүрө куруу үчүн курулуш иштерин жүргүзүп жатышкандыгы аныкталган. Бул факты боюнча Тажикстандын Хожа-Алъо айылындагы чек ара башчысы менен Кыргызстандын “Көк-Таш” чек ара бекетинин башчысы өз ара сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн. Ошондой эле аталган көйгөй жатында Ак-Сай жана Чорку айылдарынын башчылары дагы масилеттешип, башталган курулуш иштери толугу менен токтотулду.

Президенттин Баткен облусундагы Өкүлчүлүгү ушул тапта Баткен районунун Ак-Сай Айыл Өкмөтү менен чектешкен Майский тилкесинде абал стабилдүү экендигин кошумчалады.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчыбыз

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс