Вторник , 25-Январь 2022

Күндүк архив: 04.11.2021

ОШ ШААРЫНЫН ШАЙЛОО ТИЛКЕЛЕРИ ПАРЛАМЕНТТИК ШАЙЛООНУ ӨТКӨРҮҮГӨ ДАПДАЯР

ОШ. Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов Ош шаарындагы шайлоо тилкелеринин келе жаткан парламенттик шайлоого даярдыгын бир сыйра кыдырып, дыкаат текшерди. Ошентип, Кыргызстандын Түштүк башкалаасынын мэри Алмаз Мамбетов бул жолу шаардагы ар бир аймактык башкармалыктын бирден шайлоо тилкеси көрдү. Булардын ичинде №5278-, №5900-, №5274-, №5555-, №5310-, №5324-, №5321- чөлкөмдүк шайлоо тилкелерине ...

Кененирээк »

БАТКЕНДИН АРКА-2 АЙЫЛЫНДА МИЛИЦИЯНЫН АЙМАКТЫК БЕКЕТИ ИШКЕ КИРИШТИ

БАТКЕН. Лейлек районунун Жаңы-Жер Айыл Өкмөтүнө караштуу Арка-2 айылында милициянын аймактык бекети ачылды. Милициянын аймактык бекетинин ачылыш аземине президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу Өкүлү Абдыкарим Алимбаев, Баткен ОИИБнын начальниги Муратбек Боронов, жергиликтүү айыл башчылар, ошондой эле айылдын тургундары катышышты. Адегенде Баткен облусунун жетекчиси Абдыкарим Алимбаев жыйналган элге милициянын азыр учурдагы ...

Кененирээк »

КЫРГЫЗ-ТАЖИК ЧЕК АРАСЫ БОЮНЧА БИР АЙДА ЭКИ ЖОЛУ СҮЙЛӨШҮҮЛӨР ЖҮРҮП ЖАТАТ

БАТКЕН. Кыргыз-Тажик чек арасын тактоо жаатында эксперттик топ орток пикирге келген соң сүйлөшүү Өкмөттөр аралык макулдашууга чыгарылат. Бул жөнүндө президенттик администрациянын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Жээнбек Кулубаев ачыктады. Анын айтымында, чек ара боюнча расмий эки топ ай сайын эки ирээт жолугуп жаткан чагы. Мындан тышкары чек арага байланыштуу бардык мекемелер ...

Кененирээк »

ТОКТОГУЛДА ЖҮК ТАШЫГАН МАШИНА ӨРТТӨНДҮ

ЖАЛАЛ-АБАД. Бишкек – Ош автожолунун Токтогул районуна караштуу тилкесинде жүк ташыган «Газель». машинасы өрттөнүп, а түгүл толук бойдон күйүп дагы кетти. Өзгөчө кырдаал кырдаал министрлигинин Жалал-Абад облусундагы №97- өрт өчүрүүчү бөлүгү өрттү бир сааттын аралагында араң өчүрүштү. Ушул тапта өрттүн чыгуу себептери такташтырылууда. Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчыбыз.

Кененирээк »

ЧАТКАЛДА БИР ЛИТР БЕНЗИНДИН БААСЫ 75 СОМДУ ЧАПЧЫДЫ

ЖАЛАЛ-АБАД. Жалал-Абад облусунун Чаткал районунда бир литр бензин 75-77 сомдон сатылууда. Бул жөнүндө Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин депутаты Жоодар Атантай уулу кабарлады. Айылдык активист бензиндин кымбатташы башка тамак-аш өнүмдөрүнө дагы терс таасирин тийгизип, райондо кымбатчылык өкүм сүрүп жаткандыгын кошумчалады. Бензиндин баасы бизде ашкере көтөрүлдү. Ушул тапта бир литри 75-77 сомдон сатылып ...

Кененирээк »