• Пт. Июл 1st, 2022

Популярные метки

«Шайлооң менен шамыраң кал!»

Автор:ruh_admin

Ноя 3, 2021

ОШ. Ушул жылдын 29-октябрынан тартып Жогорку Кеңештин шайлоосунун үгүт жараяны кадимкидей башталды. Буга улай социалдык тармактарда талапкерлердин шайлоочулар менен жолугушуусу, ар кандай ураан менен коштолгон сүрөттөрү ыраса жайнады.

Анткени менен мурдагы шайлоо өнөктүктөрүнөн өзгөчөлөнүп,  Кыргызстандын Түштүк башкалаасында партиялардын көрнөк-жарнактары өтө эле аз. Ал эми бир мандаттуу округдан бараткандар деле үгүт-насаат  иштерин өз аймактарында гана активдүү жүргүзө башташты. Мурда-кийин шайлоо өнөктүгүндө иштеп жүрүшкөндөр бул жолку үгүт өнөктүгү Ош шаарында жалпы жолунан солгун башталды деп баа берип жатышат.

Жарандык активист Орозбек Муратов талапкерлер үчүн үгүт жараяны бир аз таттаалдашканын баса белгилеп, мунун бир нече жүйөөлүү себептерине дагы баса токтолду: Биринчиден, эл дагы шайлоодон тажады, чогулуштарга таптакыр келбей калды. Экинчиден, талапкерлер дагы акчасын ашыкча сарптагандан карманып турушат. Үчүнчүдөн, жакын арада эле үч-төрт шайлоо өтүп саясатчылардын акчасы ыраса азайды. Төртүнчүдөн, ачык тизме болгондуктан партиялаштар бири-бирине атаандаш болуп калышты. Борбордук штабдагы акчадан үгүт баракчалары чыгарылбай, ар ким өзү үчүн гана иштеп жатат. Ал эми добуш сатып алуу ыктымалдуулугу бар. Бирок, азыр мурункудай эмес, тымызын даректүү акча бериши ыктымал.

Алишер Токсонбаев, өз кабарчыбыз.

Сүрөттөр автордуку.

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс