• Чт. Сен 29th, 2022

Популярные метки

Ошто пара сунуштаган айдоочу эми соттолот

Автор:ruh_admin

Ноя 3, 2021

 ОШ. Кыргызстандын Түштүк башкалаасында жол эрежесин бузгандыгы үчүн Ош шаардык милициясынын кайгуул кызмат бөлүмүнүн кызматкерлерине пара сунуштаган жарандын үстүнөн кылмыш иши козголду. Бул жөнүндө Ош шаардык милициясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, ушул жылдын 2-ноябрь күнү Ош шаардык милициясынын кайгуул кызмат бөлүмүнүн кызматкерлери М.А. жана Э.К. Ош шаарынын А.Навои көчөсүндө кызмат өтөп жүрүшкөн маалында жөө өтмөктөн адамды өткөрбөй, орой бузуу жасагандыгы үчүн “Лада Ваз-2107” унаасынын айдоочусун токтотушкан. Ал Ноокат районунун тургуну В.Б. экендиги аныкталып, анын айдоочулук күбөлүгүн жана транспорт каражатын каттоо жөнүндө күбөлүгүн текшерген учурда, документтеринин бир дагы жанында жок болгон. Ошорндуктан, протокол түзүү учурунда бир нече жолу эскертүүгө карабастан айдоочу аны кармагандарга пара катары 3000 (үч миӊ) сом акча каражатын сунуш эткен. Аталган факты боюнча кызматкерлер Ош ШИИБине билдирме менен кайрылышып, тергөөчү тарабынан суралган учурда В.Б. аттуу жаран тарабынан акча каражаты чындап сунушталгандыгы аныкталды. Аталган факты Ош шаардык милициясынын кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Кыргыз Республикасынын  Жазык кодексинин 328-беренесинин негизинде сотко чейинки өндүрүш иши башталды.

Ошентип, Ош шаардык милициясы ушундай учурлардын алдын алуу жана болтурбоо үчүн пара сунуш кылуу бул кылмыш жана муну үчүн Кыргыз Республикасынын  Жазык кодексинин 328-беренесинде (“Пара берүү”) ири өлчөмдөгү айып пул салынып, мындан тышкары айдоочуну эркиндигинен ажыратуу жазалары каралгандыгын дагы бир ирет эскертет.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчыбыз

Сүрөтү автордуку.

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс