• Чт. Сен 29th, 2022

Популярные метки

Нью-Делиде Кыргызстандын Эгемендүүлүгү эми белгиленди

Автор:ruh_admin

Ноя 3, 2021

НЬЮ-ДЕЛИ. Индиянын башкалаасында Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгынын урматына арналган салтанаттуу кече аяктады. Бул маанилүү иш-чарага Индия Өкмөтүнүн, министрликтеринин жана ведомстволорунун, Нью-Делиде аккредиттелген дипломатиялык корпустун өкүлдөрү, Индиянын бизнес чөйрөсүнүн жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү активдүү катышышты.

Кечеде Кыргыз жарандарын дарылап жаткан индиялык дарыгерлер жана жергиликтүү ЖОЖдордун өкүлдөрү, ошондой эле Кыргызстан менен түрдүү долбоорлор боюнча кызматташкан академикалык чөйрө дагы катышышты. Бул иш-чаранын негизги коногу Индиянын тышкы иштер боюнча мамлекеттик министри/Маданият боюнча мамлекеттик министри Менакши Лехи айым болду. Ал эми өзүнүн куттуктоо сөзүндө Кыргыз Республикасынын Индиядагы Элчиси Асеин Исаев Эгемендүүлүк адамзат тарыхындагы эң чоң сыймыктардын бири экенин баса белгиледи. Кыргыз Республикасынын эли, ошондой эле өлкөдөгү бардык улуттар жана этностор мамлекетибизди сактап калууга, ошондой эле Эл аралык коомчулуктун жооптуу мүчөсү болууга бекем умтулушат. Кыргыз Элчиси мындан тышкары Кыргыз Республикасы менен Индия Республикасы бардык тармактарда тыгыз жана жемиштүү кызматташып жаткандыгын жана бүгүнкү күндө дагы булар дос өлкөлөр гана эмес, ошондой эле стратегиялык шериктештер экендигин дагы унуткан жок!

Индиялык тараптан куттуктоо сөзүн Тышкы иштер мамлекеттик министри М.Лехи айым өзү ачыктады. Айым Индия өкмөтүнүн атынан жалпы Кыргыз элин Эгемендүүлүк мааракеси менен чын ыкластан куттуктап, бул жылдар аралыгында Кыргызстан менен Индиянын ортосунда стратегиялык өнөктөштүктүн жакшы, достук мамилелери өнүгүп келе жаткандыгын өзгөчө белгиледи. М.Лехи айым ошондой эле өз сөзүндө Кыргыз-Индия мамилелердин ырааттуу өнүгүшүнө жогору баа берип, Индия тарап аны өнүктүрүүгө жана бекемдөөгө дагыле даяр экендигин билдирди.

«Элдердин достугу» аттуу концерттик программанын алкагында «Mirrors» бий театрынын укмуштуудай таланты,  Кыргыз өнөрпоздору А.Джумакунова менен Ж.Мурат кызынын аткаруусундагы элдик ырлар иш-чаранын конокторуна улуттук колориттен зор ырахат алууга бекем шарт жаратты. Аталган иш-чаранын конокторуна өзгөчө Кыргыз аткаруучуларынын улуттук аспапта — комузда аткарган Индия ырлары абдан чоң таасир калтырды. Ошондой эле меймандарга Улуттук ашкананын түрдүү даамдары жана улуттук суусундуктар сунушталды. Кыргыздын мыкты каада-салттары менен тартууланган улуттук тамак-аштар иш-чаранын конокторунун арасында чоң алкышка арзыды.

Алишер Токсонбаев, өз кабарчыбыз.

Сүрөттөр автордуку.

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс