• Чт. Сен 29th, 2022

Популярные метки

Көмүр кымбат. А электр жарыгы тартыш

Автор:ruh_admin

Ноя 3, 2021

ОШ. Быйыл суук эрте түшкөндүктөн, жылытуу сезону демейдегиден эрте башталды. Ош шаарындагы көп кабаттуу үйлөргө деле жылуулук жылдагыдан дээрлик бир ай эрте берилди.

Ал эми Ош шаарынын чекесинде жер үйдө жашаган Бактыгүл Каракожоева ызгаар мезгилинде турак жайын көмүр менен гана жылытат. Муну үчүн жыл сайын  бир жарым тонна көмүр сөзсүз сатып алат. Былтыр кара алтындын килосун беш-алты сомдон гана сатып алган. А быйыл көмүрдүн килосунун баасы дээрлик 7 сомду чапчып олтурат. Ошол себептүү кышка жеткидей көмүр сатып алууга каражаты жетпей турган чагы.

  • Быйыл көмүр өлө эле кымбаттады. “Кара алтынды” дейди баада

саткандарды Антимонополия агенттигинин кызматкерлери көзөмөлдөшпөйбү, ыя? Соодагерлер эмитен эле бааны ашкере көтөрүп ийишти. Биз өңдүүлөр сатып алганга чамасы жетпей, үйлөрүндө үшүп-тоңуп гана олтурушат, — деп ыйлактады Ош шаарынын тургуну Бактыгүл Каракожоева.

  • Негизинен карьерлердин өзүндө көмүрдү былтыркыдан 20-30 тыйынга

чейин кымбаттатып алышты. Ошондой эле күйүүчү майдын баасы дагы улам өсүп жаткандыгын өзүңүздөр жакшы билесиздер. Биз дагы мына ушул чыгашаларды гана бекем эске алып жатабыз. Ал эми Алай-Ош автожолунун  татаалдыгы өзүнчө маселе. Бир жолу көмүр алып келүүгө эң кур дегенде эки-үч күн сөзсүз коротобуз. А жүк ташуучу унааларыбыз бузулуп калган маалда бир жума жолдо дагы аргасыздан жүрүүгө туура келет, – деп агынан жарылды көмүр сатуучу Базарбай Акимов.

         Ал эми Улуттук статистика комитетинин маалыматына караганда, өткөн жылдын октябрына карата көмүрдүн баасы бир тонна үчүн 715 сомго өстү. Калк жыш жашаган 18 айылда жүргүзүлгөн мониторингдин жыйынтыгы боюнча эң жогорку баа Ош жана Баткен облустарында, ошондой эле Ош шаарында гана катталды. Аталган аймактарда бир тонна көмүр эмитен эле 8 390 сомдон соодаланып жаткан чагы.

Алишер Токсонбаев, өз кабарчыбыз.

Сүрөттөр автордуку.

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс