• Ср. Ноя 30th, 2022

Популярные метки

Баткен облусунун башчысы Сүлүктү шаарынын тургундарынын муң-зарын укту

Автор:ruh_admin

Ноя 3, 2021

БАТКЕН. Кыргыз Республикасынын президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу Өкүлү Абдыкарим Алимбаев Сүлүктү шаарынын тургундары менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө адегенде Сүлүктү шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Б. Ташов шаардын социалдык-экономикалык жактан жетишкендиктери жөнүндө кеңири баяндама жасады. Андан соң Баткен облусунун жетекчиси Абдыкарим Алимбаев өлкө башчысы Садыр Жапаров койгон тапшырмалары тууралуу калаа тургундарына кенен-чонон баяндап, облус аймагында жасалып жаткан бир катар алгылыктуу ийгиликтер туурасында сөз кылып, буга улай алдыдагы ой-пландары менен дагы тең бөлүштү. Мындан тышкары жолугушуу маалында жергиликтүү тургундар Сүлүктү шаарындагы бир катар алигүнчө чечилбей келе жаткан социалдык маселелерди санакташып, буларды облус башчысы жеке көзөмөлүнө алып, маселелердин ыкчам чечилүүсүн катуу талап кылышты.

Кыргыз Республикасынын президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу Өкүлү Абдыкарим Алимбаев жеринде облустук жана шаардык мекеме-ишканалардын жетекчилерине бир катар тапшырмаларды берип, ар бир коюлган тапшырма так, ыкчам гана чечилип, калк арасында бул өңүттө олуттуу көйгөйлөр жаралбашы керектигин катуу экертти. Сүлүктүлүктөр менен болгон жолугушуунун соңунда Баткен облусунун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө кошкон зор салымдары жана кызматтык милдеттерин мыкты аткарышып, ушуга улай жараткан  ири ийгиликтери үчүн Сүлүктү шаарынын бир катар жетекчилери, ошондой эле жеке ишкерлери дагы сыйланышты.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчыбыз.

Сүрөттөр автордуку.

 

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс