• Вт. Окт 4th, 2022

Популярные метки

Кандуу калабаны уюштурган Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү эмдигиче жазага тартыла элек

Автор:ruh_admin

Ноя 2, 2021

Рубрика: Акыйкаттык барбы деги?

Элди, мамлекетти жок кылам десең, биринчи ирээтте анын моралдык, этникалык баалуулуктарын, руханий дөөлөттөрүн кыйрат! Салт-санааларынан ажырат! Сексти, зордук-зомбулукту, анархияны культка айландыр! Ошентип, алар курсагынан, инстиктинен башкаларга кызыкпаган, шыкактаган жакка гана жүргөн макулуктарга айланышат.

Ален ДЕЛОН, АКШнын Борбордук Чалгындоо Кызматынын (ЦРУнун) негиздөөчүсү

2010-жылдын июнь айында республикабыздын Түштүгүндө жүз берген Улуттар аралык араздашуунун чыныгы себептерин, кесепеттерин ар тараптуу иликтөө жана атайын сунуштарды иштеп чыгуу максатында ошогездеги президент Роза Отунбаеванын жарлыгы менен Улуттук комиссия түзүлгөн. Аны жетектөө коомдук ишмер, академик, Убактылуу Өкмөттүн мүчөсү Абдыганы Эркебаевге жүктөлгөн.

Улуттук комиссиянын корутундусунда Убактылуу Өкмөттүн мүчөлөрү – Азимбек Бекназаров, Исмаил Исаков, Болот Шерниязов, Кеңешбек Дүйшөбаев, Түштүк облустарынын ошол маалдагы губернаторлору, мэрлери жана райондордун акимдери чыр-чатактын тутанышына түздөн-түз себепкер экендиги ачык моюндалган. А түгүл буларды мыйзам чегинде административдик жана кылмыш жоопкерчилигине тартуу жагы сунуш этилген. Мунун, чындыгында, жөнү дагы бар эле.

Сөзүм куру болбосун үчүн Убактылуу Өкмөттүн айрым мүчөлөрүнүн Түштүктөгү Өзбек диаспорасынын жол башчылары менен 2010-жылдын май айындагы сүйлөшүүлөрүнүн стенагроммасынан кыскача үзүндү келтирейинчи.

Кадыржан БАТЫРОВ, Өзбек диаспорасынын жол башчысы: — Жалпысынан, биздин оюбузча, от чыкмайынча, жыйынтык болбойт! Силерге жөн эле спектакль эмес, эффект керек да. Тополоң чыгарыш үчүн шаардын ар бөлүгүндө от чыгарыш керек! Андан кийин биздин адамдар махаллалардан жаштарды чогултуп, шаардын борборуна алып чыгышат. Алар Оштогу кыргыздардын күнү бүткөндөй мааниде бир аз ызы-чуу салышат.

Алмазбек АТАМБАЕВ, Убактылуу Өкмөттүн мүчөсү: — Кантип? Кандайча ызы-чуу салышат?

Кадыржан БАТЫРОВ, Өзбек диаспорасынын жол башчысы:- Кандай болмок эле? Асманга ок атышат. Бир нече кыргыздарды сабашат. Бир-эки имаратты, машиналарды өрттөшөт. Так эле силер апрелде жасагандай иш кылышат.

Роза ОТУНБАЕВА, Убактылуу Өкмөттүн төрайымы: — Адамдар өлбөйбү?

Кадыржан БАТЫРОВ, Өзбек диаспорасынын жол башчысы: — Ага мен кепилдик бере албаймын. Сүрмөтопту, өзүңүз билгендей, башкарыш кыйын.

Алмазбек АТАМБАЕВ, Убактылуу Өкмөттүн мүчөсү: — Ха-ха-ха! Роза Исаковна! Беш-алты адамдын өмүрү эч нерсеге арзыбайт! Туугандары ыйлап-сыктап, анан унутушат. Биз аларга акчалай кун төлөп, тынчытып салабыз!

Роза ОТУНБАЕВА, Убактылуу Өкмөттүн төрайымы: — Бир гана айтаарым, референдумдан кийин болсунчу? Азыр негизгиси референдумду өткөрүп алуу.

Алмазбек АТАМБАЕВ, Убактылуу Өкмөттүн мүчөсү: — Ал турган кеп. Дал ошону үчүн биз спектакль коюп жатпайбызбы. Кадыржан, уланта бериңиз? Сиз бизге керектүү жыйынтыкка кепилдик бере аласызбы?

Кадыржан БАТЫРОВ, Өзбек диаспорасынын жол башчысы: — Сиз кыргыздардын Оштон массалык түрдө качышын айтып жатасызбы? Ал боло турган иш. Бирок, биздин эки шартыбыз бар?

Алмазбек АТАМБАЕВ, Убактылуу Өкмөттүн мүчөсү: — Кандай?

Кадыржан БАТЫРОВ, Өзбек диаспорасынын жол башчысы: — Биринчиден, кандайдыр бир жакка Оштон Курсанды (Курсан Асановду — автор) алып кеткилечи? Антпесе, ал биздин майрамыбызды ойрон кылат. Ал өтө эле тирикарак экен (чыйрак көрүнөт).

Алмазбек АТАМБАЕВ, Убактылуу Өкмөттүн мүчөсү: — Ал жөнүндө кам санабай эле коюңуз? Асановду Бишкекке алып кетебиз. ИИМге кандайдыр бир орун басарлыкты беребиз. Андан ары эмне?

Кадыржан БАТЫРОВ, Өзбек диаспорасынын жол башчысы: — Экинчиден, Сиз күч органдарына тынч турган элге, тагыраагы, бизге карата “Ок атпагыла!” деп буйрук бересиз” Алар эки тараптын ортосунда жөн гана тосмо болуп туруп беришсин? Андан аркысы мына бул биз баарыбыз кол койгон план боюнча кетет, карап көрүңүз?

Алмазбек АТАМБАЕВ, Убактылуу Өкмөттүн мүчөсү: — О-о, Сиз эмне Түштүктө өзүңүздүн королдугуңузду орноткуңуз барбы? Мага Өмүрбек Чиркешович (Өмүрбек Текебаев — автор) башкача айткандай болду эле го? Сизди автономиялык областтын губернатору болот деген. Бул жерде “Автономиялык республиканын президенти” деп жазылыптыр.

Кадыржан БАТЫРОВ, Өзбек диаспорасынын жол башчысы: — Силерге облус менен республиканын айырмасы кайсы? Негизгиси автономия да. Биз дагы көпппүз го.

Роза ОТУНБАЕВА, Убактылуу Өкмөттүн төрайымы: — Алмаз, мейличи. Муну чечсе болот! Ал эми тилдин статусунун чечилишине мен

толук ишене албайм. Мүмкүн, автономиянын ичинде эле официалдуу тил болсочу?

Кадыржан БАТЫРОВ, Өзбек диаспорасынын жол башчысы: — Туура! Биз ошону эле каалайбыз! Алмаз Шаршенович, картага көңүл буруңузчу?

Алмазбек АТАМБАЕВ, Убактылуу Өкмөттүн мүчөсү: — Мен дагы ошого көңүл буруп жатам. Кадыржан ака, өтө эле көп эмеспи?

Кадыржан БАТЫРОВ, Өзбек диаспорасынын жол башчысы: — Жок! Биз негизинен өзбектер калктын 60 пайызынан көбүрөөгүн түзгөн аймактарды гана белгиледик. Ош, Кара-Суу, Өзгөн, Жалал-Абад, Сузак менен Базар-Коргонго чейинки жерлер. Керек болсо, биз Ноокатты кошкон жокпуз!

Алмазбек АТАМБАЕВ, Убактылуу Өкмөттүн мүчөсү: — Болуптур. Муну чечебиз! Курал-жарагыңар кандай? Же жардам берелиби? Бизде апрелден кийин азыраак…

Кадыржан БАТЫРОВ, Өзбек диаспорасынын жол башчысы: — Ал жөнүндө Инамжан айтып берет. Ага Ош тийип жатпайбы.

Инамжан АБДУРАСУЛОВ, Өзбек диаспорасынын жол башчысы: — Жалпысынан, бул жагынан баары жайында. Мен элдерге бир нерселерди таркатып үлгүргөндөй болдум. Дагы таркатабыз.

Алмазбек АТАМБАЕВ, Убактылуу Өкмөттүн мүчөсү: — Силерде эмнелер бар? Мылтыкпы? Автоматпы? Же эмне? Болжол менен канча?

Инамжан АБДУРАСУЛОВ, Өзбек диаспорасынын жол башчысы: — Негизинен Калашников автоматтары. Шаар боюнча 600. Андан башка СВД гранаталар, миналар, көптөгөн адамдардын мылтыктары бар. Алар аңчылар да.

Алмазбек АТАМБАЕВ, Убактылуу Өкмөттүн мүчөсү: — О-о-о. Силер эмне согушка даярданып жатасыңарбы? Мынча курал менен бийликти тартып алса болот! Биз бар болгону 200 гана курал пайдаландык. Баары жайында.

Кадыржан БАТЫРОВ, Өзбек диаспорасынын жол башчысы: — Силер деле апрелде БАКС (качкын президент Курманбек Бакиев — автор) каршылык көрсөтүп ок атат жеп ойлогон эмессиңер да…

Алмазбек АТАМБАЕВ, Убактылуу Өкмөттүн мүчөсү: — Туура Ал дагы болгон. А Жалал-Абадда кандай? 14дө силер дагы атышкандай болдуңар эле го…

Кадыржан БАТЫРОВ, Өзбек диаспорасынын жол башчысы: — Ал жакта ансыз болбойт эле. Асилбек аяш үкабиз (Асылбек Текебаев – Өмүрбек Текебаевдин бир тууган иниси — автор) өзүнүн акмандыктарын эле алып келип алыптыр. Аларга курал жагынан, адам жагынан дагы жардам беришке туура келди. Бизсиз силер Түштүктү жоготуп алмаксыңар. Алар силерди укмак эмес!

Алмазбек АТАМБАЕВ, Убактылуу Өкмөттүн мүчөсү: — Чын эле… Эми баары башкача болот!

Роза ОТУНБАЕВА, Убактылуу Өкмөттүн төрайымы: — Алмаз, келгиле, бүтүрөлү? Кадыр (Кадыржан Батыров — автор) менен такташып алалы?

Алмазбек АТАМБАЕВ, Убактылуу Өкмөттүн мүчөсү: — Бардыгы жөнүндө сүйлөшкөндөй эле болдук. Мөөнөтүн гана тактап алалы? Мүмкүн болушунча референдумга жакын убкытка белгиленсе, референдумду токтотуп коюуга мүмүкүн болбой калмак. Анан дагы узакка созбой бир-эки күндө бүтсө…

Кадыржан БАТЫРОВ, Өзбек диаспорасынын жол башчысы: — Биз качан болоорун биз чечип койгонбуз. Референдумга жакындап барат. Бирок, так күнү сыр боюнча калып турсун!

Алмазбек АТАМБАЕВ, Убактылуу Өкмөттүн мүчөсү: — Жакшы. Андай баштай бергиле! Кудай колдосун! Сиз кандай ойлойсуз, Инам аке, жергиликтүү кыргыздар силерге каршылык көрсөтпөйбү?

Инамжан АБДУРАСУЛОВ, Өзбек диаспорасынын жол башчысы: — Куралсыз алар эч нерсе кыла алышпайт! Айтмакчы, биздикилерди психологиялык жактан даярдаш керек! Биздин жаштардын кыргыздарды жек көрүү сезимин ойготуу зарыл! Айтайын дегеним, оштук кыргыздарды.

Алмазбек АТАМБАЕВ, Убактылуу Өкмөттүн мүчөсү: — Ал жакта биздин адамдар дагы бар. БАКС (качкын президент Курманбек Бакиев — автор) Ошко келгенде, Рустамдын балдары бизге чоң жардам беришкен. Ошол балдар сенин өзбектериңдин мазесин ала башташат. Ал эми өзүңөр жер-жерлерде иш жүргүзүп, “Кыргыздар бизди басмырлап жатышат” дегиле…

Кадыржан БАТЫРОВ, Өзбек диаспорасынын жол башчысы: — Сүйлөшкөндөй, Мелисти (Мелисбек Мырзакматов – ошогездеги Ош шаарынын мэри — автор) Сиз өзүңүзгө аласызбы?

Алмазбек АТАМБАЕВ, Убактылуу Өкмөттүн мүчөсү: — Аны (Мелисти) мага койгула, Кадыржан…

Кадыржан БАТЫРОВ, Өзбек диаспорасынын жол башчысы: — Бир гана маселе: Сиздер менен кантип байланышып турабыз?

Алмазбек АТАМБАЕВ, Убактылуу Өкмөттүн мүчөсү: — Байланыш тууралуу – ушул учурдан тартып үн чыгармай жок! Мени менен, Өмүке (Өмүрбек Текебаев — автор) менен дагы эч кандай байланышка аракет болбосун! Өз ишиңерди кыла бергиле! Качан ишиңерди баштаганыңарда Кеңешбек (Кеңешбек Дүйшөбаев – ошогездеги УКМКнын төрагасы — автор) силерди өзү табат. Ал өзү долбоорду жетектейт.

Ошентип, жогорудагы стенагроммага бекем үңүлсөңүз, ошогездеги президент Роза ОТУНБАЕВА: “Бир гана айтаарым: тополоң референдумдан кийин болсунчу?!?” деп жалдыраган. Ал эми Алмазбек АТАМБАЕВ: “Ха-ха-ха! Роза Исаковна, беш-алты адамдын өлүмү эч нерсеге арзыбайт! Тууган-уруктары ыйлап-сыктап, анан унутушат. Биз аларга акчалай кун төлөп. тынчытып салабыз!” — деп жатпайбы. Кийинчерээк президентикке шайланышканда, булар чындап эле ошол

коогалаңда өлгөндөргө миллион сомдон кун төлөшөп, а түгүл үй-бүлөлөрүнө турак жай дагы салып беришпедиби.

Убактылуу Өкмөттүн жалгыз мүчөсү, коомдук ишмер, академик, Абдыганы Эркебаев гана айыбын дагыле моюндап келатат. Ошондуктан, анын калган коллегаларын деле абийирдүү болууга чакырык таштагандыгы бекеринен эмес!

— Убактылуу Өкмөттүн бардык мүчөлөрү, мунун ичинде экс-

президенттер Роза Отунбаева, Алмазбек Атамбаев дагы моралдык жана саясий жоопкерчиликке тартылуусу кажет! А булардын арасынан Азимбек Бекназаров, Исмаил Исаков, Болот Шернияз, Кеңешбек Дүйшөбаев өзүнчө бөлүп айтканым, аталгандар кандуу калабаны таптакыр болтурбай коюуга милдеткер эле! — деп чырылдады Убактылуу Өкмөттүн мүчөсү, коомдук ишмер, академик, Абдыганы Эркебаев.

Президент Садыр Жапаров түптөгөн Комиссия дагы жогорудагы жүйөөлүү сунуш-талаптарды өз тыянагына бүтүндөй камтыса, анан дагы Корутундунун мындан ары аткарылышын толук бойдон көзөмөлдөсө, мындан баарыбыз тең эле утмакпыз! Анткени, чыныгы уюштуруучулары жана накта күнөөкөрлөрү эч жазаланбагандыктан, Кыргызстанда улуттар аралдык араздашуулар улам-улам кайталанып келатат…

Алишер ТОКСОНБАЕВ,

2010-жылдын июнь айындагы этностор аралык араздашуунун чыныгы себептерин, кесепеттерин иликтеген Улуттук комиссиянын мөчөсү.

СҮРӨТТӨРДӨ: 1), 2), 3), 4), 5), 6), 7), 8) 2010-жылдын июнь айындагы республикабыздын Түштүгүндө жүз берген Улуттар аралык араздашуудан сүртүмдөр. 9) Материалдын автору Алишер ТОКСОНБАЕВ.

Сүрөттөр автордуку.

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс