• Вс. Ноя 27th, 2022

Популярные метки

Ысык-Көлдө заводдон 50 тонна алтын, күмүш алып чыгып бараткандар кармалыштыы

Автор:ruh_admin

Ноя 1, 2021

ЫСЫК-КӨЛ. Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Сырт зонасында жайгашкан кайра иштетүүчү заводдон калай, вольфрам, алтын, күмүш жана башка химиялык элементтерди камтыган концентратты мыйзамсыз алып чыгуу фактысы аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, сотко чейинки өндүрүштүн алкагында Кыргыз Республикасынын Жазык Кодексинин 211-беренесинин 2-бөлүгү (Мыйзамсыз ишкердик же банктык иш) менен кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган, үстүбүздөгү жылдын 29-октябрында Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунда УКМК кызматкерлери тарабынан капка салынган химиялык элементтердин концентраты менен мамлекеттик үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаалар кармалды. Аткезчилик жүгүнхн жалпы салмагы 50 тоннадан ашат. Автотранспорт каражаттарын кароо маалында ташылган жүктүн товардык-транспорттук документтеринин реквизиттеринде полиграфиялык жабдууларда өндүрүш түрүндөгү жасалмалуулуктун белгилери аныкталды.

Ушуга байланыштуу унаалар УКМКнын Ысык-Көл облусуна караштуу аймагына киргизилди. Ал эми концентраттарды мыйзамсыз алып чыгууну уюштурууга тиешеси бар адамдарды аныктоо, мамлекеттин кызыкчылыгына келтирилген зыянды, кендерди иштетүү боюнча иш-аракеттерди жүргүзүүнүн мыйзамдуулугун аныктоо боюнча иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Алишер Токсонбаев, өз кабарчы.

Сүрөт автордуку.

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс