• Пн. Сен 26th, 2022

Популярные метки

Сары-Челек коругунда кызыл китепке кирген марал мыйзамсыз атылды

Автор:ruh_admin

Ноя 1, 2021

ЖАЛАЛ-АБАД. Сары-Челек коругунда Кызыл Китепке кирген маралды мыйзамсыз атуу фактысы аныкталды. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана тезникалык көзөмөл министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, ушул жылдын 31-октябрында болжол менен саат 18:30дар чамасында Сары-Челек коругунун кызматкерлери “Туура-Арык” тилкесинде болжол менен 5 жаштагы (терисиндеги издери боюнча аныкталган) маралдын ургаачысын мыйзамсыз атып, аны союп жатышкан топту аныкташты. Мыйзам бузгандар Аксы районунун Аркыт айылынын төрт тургуну экен. Жеке тинтүү жана айлана-тегеректи кароодо ок атуучу курал табылган эмес. Жаныбардын териси, башы жана эти материалдык далил катары алынган. Ушул тапта Кызыл Китепке кирген жаныбарды мыйзамсыз атуу фактысы боюнча материалдар тиешелүү чара көрүү үчүн укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилди.

МААЛЫМАТ ИРЕТИНДЕ: Марал (чыныгы бугу) бүткүл диапазондо саны кескин кыскарган жаныбар. Кыргызстанда алар аз санда жана Кызыл Китепке кирген. Маралды мыйзамсыз кармоо үчүн

айып 1 миллион сомду түзөт, ал эми өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарында айыптын өлчөмү эки эсеге көбөйтүлгөн.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчыбыз.

Сүрөттөрү автордуку.

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс