• Вс. Ноя 27th, 2022

Популярные метки

Ошто пневмонияга кабылган балдар көбөйүп баратат

Автор:ruh_admin

Ноя 1, 2021

ОШ. Ош облусунда пневмония оорусуна чалдыккан балдардын саны көбөйгөндүктөн медициналык мекемелерде керебеттер абдан эле жетишсиз. Бул ачуу чындыкты Саламаттыкты сактоо министрлигинин Ош облусундагы координатору Шаятбек Абдурахманов облустук коллегияда өзү ачыктады.

Шаятбек Абдурахмановдун айтымында, бул көйгөйдөн улам медицина кызматкерлери менен калктын ортосунда түшүнбөстүктөр дагы күн өткөн сайын арбып гана баратат.

  • Бүгүнкү күндө балдар арасында пневмония менен ооругандардын

саны барган сайын өсүүдө. Биздин Ош облустук балдар клиникалык ооруканасында эле пневмония дартына кабылган 330 бала дарыланып жатат. Бул пневмония менен ооругандардын 70-75 пайызы балдар экендигин ашкерелеп жатпайбы. Ошол эле учурда башка аймактарда  дагы пневмония менен ооругандардын саны абдан өсүп баратат. Мунун фонунда эл арасында түшүнбөстүктөр жаралууда. Ошентип, ооруканалар бейтапты жаткыруу деӊгээли боюнча планды ашыра орундатышты. Андыктан, койкалар жетишсиз. Бул азыркы учурдагы эң негизги көйгөй! – деп ыраса тызылдады Саламаттыкты сактоо министрлигинин Ош облусундагы координатору Шаятбек Абдурахманов.

Шаятбек Абдурахманов кошумчалагандай, көпчүлүк ата-энелер балдарын үйдөн эле дарылашып, бөбөктүн абалы начарлап, орлошуп кеткенде гана ооруканага кайрылып жатышат. Андыктан, былтыркыга салыштырмалуу быйыл оор абалда ооруканага түшкөн балдардын саны абдан эле өстү. Ошентип, Ош жергесинде балдардын ден соолугуна кайдыгер мамиленин кеспетинен ымыркайлардын өлүмүнүн көбөйүшү дагы ого бетер өөрчүдү.

Алишер Токсонбаев, өз кабарчы.

Сүрөтү автордуку.

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс