• Вс. Ноя 27th, 2022

Популярные метки

Ош облусунун эки районунда ВИЧ илдетине кабылгандардын саны арбыды

Автор:ruh_admin

Ноя 1, 2021

ОШ. Быйыл Ноокат жана Кара-Суу райондорунда ВИЧ илдетин жугузгандардын саны абдан өстү. Бул туурасында Ош облусунун коллегиялык жыйынында Ош облустук СПИДге каршы күрөшүү жана алдын алуу борборунун башкы дарыгери Элмира Нарматова ачыктады.

Элмира Нарматованын айтымында, алардын көпчүлүгү илдетти жыныстык катнаш аркылуу жугузганы аныкталган.

— Былтыркы жылы жаңы катталгандар 29 адам болсо, быйыл 49 болуп, саны өстү. Кара-Суу, Ноокат районунда көрсөткүч көбөйгөндүгү белгиленди. Айтып кете турган нерсе, соңку тапта көбүнчө жыныстык катнаш аркылуу жугузган учурлар абдан көбөйүп жатат. Бейтаптар Орсиядан, Казакстандагы миграциядан келген жарандардын арасында өзшөчө аныкталууда. Жыныстык жол менен көбүнчө 20 жаштан 29-39 жашка чейинки жарандардын арасында өсүү белгиленип келе жатат, — деп ыраса тызылдады Ош облустук СПИДге каршы күрөшүү жана алдын алуу борборунун борборунун башкы дарыгери Элмира Нарматова.

Элмира Нарматова быйылкы жылы балдар арасында ВИЧ инфекциясынын өсүү көрсөткүчү байкалбагандыгын кошумчалады. Бүгүнкү күндө диспансердик көзөмөлдө 427 бала бар. 2016-жылдан бери балдар каза болгон учур азайган. Саламаттыкты сактоо мекемелерине кайрылган балдардын саны дагы кыскарды.

Алишер Токсонбаев, өз кабарчы.

Сүрөт автордуку.

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс