• Сб. Ноя 26th, 2022

Популярные метки

Активист Бакай Кашкарбаев кармалды

Автор:ruh_admin

Окт 30, 2021

Бакай Кашкарбаев
Бакай Кашкарбаев

Ал Кылмыш-жаза кодексинин Жазык 344-беренесиндеги «Кылмыш жасалгандыгы жөнүндө билип туруп жалган билдирүү жасоо», 355-беренесиндеги «Бийлик өкүлүнө карата коркутуу» пункттары, Жоруктар тууралуу кодекстин 119-беренеси — «Майда бейбаштыкка» шек саналууда.

Соттук-лингвистикалык экспертиза дайындалып, Кашкарбаев милициянын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Тергөө уланууда.

Кашкарбаев өзүн «Элдик көзөмөл» деп аталган кыймылдын башчысы. 2020-жылдагы саясий окуяларда азыркы президент Садыр Жапаровдун жигердүү тарапташы катары таанылган.

Башкы прокуратура анын социалдык тармактагы баракчасына бийлик өкүлүн коркутканы же ага карата зомбулук көрсөткөнү чагылдырылган видеотасмалар жарыяланганы үчүн январда кылмыш иши козголгону кабарлаган. Кийинчерээк айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрине коомдук кеңешчи болгон.

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс