• Чт. Дек 1st, 2022

Популярные метки

Балдарыңар менен сүйүү жөнүндө сүйлөшөсүңөрбү?

Автор:ruh_admin

Окт 29, 2021

22 жаштагы Мунарбек аттуу жигиттин өз өмүрүн кыйганы абдан аянычтуу иш болду. Өз өмүрүнө кол салууга кыз себепкер болгону да айтылып жатат. Неси болсо да жаш өмүрдүн кыйылганы ата-энеси үчүн гана оор.

Ушундан улам ой келди, баарыбызда кыз да, бала да бар. Алардын бой жеткенине кубанабыз. Ошол учурда аларда жактыруу, сүйүү сезимдери пайда болушу мүмкүн. Ушулар тууралуу ар бирибиз балдарыбыз менен сүйлөшө алабызбы? Албетте, ата-эне менен баланын мамилеси башынан ачык болсо, сүйлөшүүгө болот. Эгер ачык, ишенимдүү мамиле болбосо сүйлөшүү кыйын.
Менимче, кыз менен да, уул бала менен да сүйүү мамилелерин түшүнүктүн жетишинче ачык талкуулоо дурус. Балдар өз алдынча сүйүү тасмаларын көрсө да, адабияттарды окуса да сабак болушу ыктымал.
Болгону сүйүү ар кимге ар кандай келээри, дайыма эле эки тараптан бирдей жалындаган сүйүү болбосун, сүйүүнү да намыс менен татыктуу кабыл алуу, экинчи тарап сүйбөсө, анын каалоосун сыйлоо да адамдын мыкты сапаты болорун айта жүрсөк ашыкча болбос. Мисалы, уул же кыз башка бирөөнү сүйүп калса, эч качан шантаж кылуу, догун артуу, сөзсүз жалдыратып баш ийдирип алуу сыяктуу ж.б. иштерди жасабай жөн гана сезимин билдирүүсү керек экендигин, катуу сүйүп калса, кыз же бала ага көңүл бурбай койсо сөзсүз өмүргө кол салуудан алыс болуш керектигин, өмүр деген бир келерин, адам өмүрүндө ашыктык сезими бир топ жолу келерин кемде-кем айта жүрсөк болор. Бир чети өсүп келе жаткан адамдын эмоционалдык, психологиялык абалынын бекем болушуна жакшы болот.
Адам баласына албуут, ээ-жаа бербеген сүйүү чанда келет. Адамдардын баары андай сүйүүгө кабылса, жашоо башкача болуп кетээр эле. Көбү жактыруу менен башталып сүйүүгө айланган же бири-бирине көнүп калган, же болбосо көп жылдык көндүм жашоодо жашап келишет эмеспи.
Силер кандай дейсиңер, достор?
Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс