• Чт. Сен 29th, 2022

Популярные метки

Уйкаштык жана цитата тууралуу

Автор:ruh_admin

Окт 28, 2021

Акын кыздарыбыздын бири: “Уйкашпаган ыр окусам эле башым айланып кетет. Ырда сөздөр шуруга тизилген мончоктой кынтыксыз тизилип, чачырап кетпегендей болушу керек. А сиз болсо, мына-мына сабынан чыга качып, чачырап кетчүдөй болгон ырларды деле мактай бересиз. Чачыранды сөздөр да ыр болчу беле. Уйкашпаган, түшүнүксүз ырларды мактаганыӊызды таптакыр түшүнө бербейм. Окурмандардын башын айлантканды токтотпойсузбу” — деп жазыптыр. Акын кыздын айтканы мени катуу ойлонтуп койду.

Өткөндө Шамурза досум да, акын Мезгил Исатов тууралуу адабий этюдума: “Акындын акындыгы күчтүү ойду ыр кылып (уйкаштырып) айта алгандыгында деп ойлойм. Кара сөз (проза) жазса деле (көркөм сөз) ыр экен дей берелиби. Өзү 11 сап ыр болсо, анан бир жеринде уйкаштык болуш керек дегеним. Уйкаштык зарыл болбосо, анда элдин баары эле ыр жазса боло берет экен да, анда-мында жерине көп чекит коюп эле…” – деп комментарий берди.
Эсиӊиздерде болсо, буга чейин окурмандын табити, уйкаштык тууралуу абдан эле жазгандай болдум. Аны кайра башынан кайталап отурбайын.
Айтылуу сынчы Салижан Жигитов “Көркөм сөз маселелери” (Фр., 1982, 230-б.) аттуу китебинде: «уйкаш ырды уюштурат, ырдагы сөздөрдү чачыратпай кармап турат, ыр саптарын эсте каларлык жана уккулуктуу кылат» – деп жазат. С.Жигитовдун айтканына мен да кошулам. Анын айтканында эч талаш жок. Ошол эле учурда ырда уйкаштык болбосо, ыр чачырап кетет, поэзия туундусу болбой калат деген да жаӊылыш түшүнүк.
Айрым бир прозалык чыгармалар болот, мейли аӊгеме, мейли повесть, атүгүл роман болбосун, канча көлөмдүү болсо да, куду ырдай эле окулат. Мисалы, мен Мурза Гапаровдун кайсы чыгармасын куду ыр окуп жаткансып, жыргап окуйм. Башкаларга да дал ошондой таасир калтырарына ишенем. Кубатбек Жусубалиевдин «Улакчы» баштаган айрым бир аӊгемелери да ырдай окулат. Ч.Айтматовдун чыгармаларындагы айрым эпизоддор, айрыкча махабат темасы дал ошондой сүрөттөлгөн. “Гүлсаратта” Танабай менен Бүбүжанды, “Кылымга тете бир күндө” Эдигей менен Зарипаны жазганда Ч.Айтматов ырдап ийген эмеспи.
Шамурза досум туура баамдагандай, поэзияда да уйкаштык сакталбаган ырлар жок эмес, анан да айрым ырлар бар, уйкаштыгы болсо деле прозадай окулат. Башкача кабыл ала албайсыӊ. Бирок анын өзү мыйзам ченемдүү эле нерсе. Поэзиянын теориясы да, табияты да буга жол берет. Эӊ башкысы көркөм текст, көркөм сөз өз миссиясын аткарышы керек.
Дүйнөлүк поэзия бүгүнкүгө чейин миӊдеген жылдык жол басып өтүп, ушул азыркы калыбына келди. Поэзиянын узак кылымдык баскан жолунда ар кандай адабий агымдар болгон. Бирлери сиӊишип кетсе, айрымдары өткөн кылымдарда жашап, өз жашоосун уланта алган жок. Мисалы, модернисттик, символистик агымдар ошол өзү пайда болгон доордон ары өтө албады. Ал агымдарга азыр деле таасирленгендер бар.
Ал эми уйкашпаган — эркин ырдын (верлибр) табияты таптакыр башка. Ал дүйнөлүк поэзияга суудай сиӊип, таштай катты. Азыр аны былк жылдыра албайсыӊ. Эркин ырда уйкаштыктар жок, чачыранды, түшүнүксүз деп түшүндүрмө бергенибиз туура болбой калат. Эркин ырдын салттуу уйкаштуу ырга салыштырмалуу бир топ артыкчылыктары, кайталангыс өзгөчөлүктөрү, билинип-билинбеген ички уйкаштыктары, табигый үндөштүктөрү, шурудай тизилген логикалык ырааттуулугу болот.
Андыктан, уйкаштык – поэзияда милдеттүү нерседей, сөзсүз болушу керектей, ансыз ыр ыр касиетинен ажырап калчудай, чачырап кетчүдөй караганыбыз бир аз осолураак болуп калат.
Эми цитата тууралуу эки ооз сөз. Ишкер Сазыкбай Турдумалиев “Чамындылар” китебинде 50-60-жылдарда элет айылында кайдандыр-жайдандыр эки орус пайда болгонун, алар тагдырдын бир тайгүлүк ташы менен Россиянын түпкүрүнөн келгенин, колхоздун ар кайсы жумуштарында иштеп, айылдагы үйлөргө меш салып, айылдыктардын ишенимине аябай киргенин, экөөнүн да болгонун болгондой айткан мүнөзүнөн улам, “Иван айтса туура айтат” деп ылакап кеп пайда болуп, ошол ылакап кепке: “кыргызга орустар айтса гана ишенет” — деп түзөтүү киргизгенин жазат.
Анысы кандай, Википедияда: “Цита́та (от лат. citare, citatum — провозглашать, приводить) — дословная выдержка из какого-либо текста” – деп ак-карасынан жазылган. Демек, кыргызчалаганда цитата – кандайдыр бир тексттин сөзмө сөз үзүндүсү.
Цитатаны автордун макулдугу, эч кандай автордук сый акысы жок эле, бирок сөзсүз түрдө автордун ата-жөнүн, чыгарманын аталышын атап, колдонгонго мыйзам жол берет. Бул үчүн автордун урук-тууганынын, кайын журтунун да макулдугунун кереги жок. Эӊ башкысы, цитата эч кандай бурмаланбай, кандай жазылса, дал ошондой берилсе болду.
Кээ бир цитаталар болот, алгачкы айткан автору унутта калып, башкалардыкы болуп айтыла берет. Кээде айтылган текстти бурмалабай, маани-маӊызын толук сактап, кыскартып, ток этер жерин айтканга да жол берилет. Кээде цитата алган учурда, тексттеги айрым бир сөздү алмаштырып койсо, тексттин мааниси мурдагыдан да тагыраак боло түшөт. Айталы А.Пушкиндин айтылуу Евгений Онегин романындагы «Чем меньше женщину мы любим, тем больше нравимся мы ей» фразасы, түп нускасында мындай: «Чем меньше женщину мы любим, тем легче нравимся мы ей». Мындан орустар эч кандай баш оору жаратышкан жок.
Илимде, анын ичинде адабият таанууда адабиятчылар, сынчылар өз оюн бекемдөө үчүн башка авторлордун тексттеринен цитаталарды колдонуп келишкен. Мындан ары да колдоно беришет. Ал эми цитата келтиргени үчүн тиги же бу авторду күнөөлөө сабатсыздыкты гана билдирет.
Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс